Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

ЭМИ «КУМТӨРАЛТЫН» КОМПАНИЯСЫ САЛЫКТАРДЫ ТОЛУК ТӨЛӨЙТ ДЕГЕН ИШЕНИМ БАР


Кыргыз өкмөтү тоо-кен өнөр жайынын ишинин ачык болушун жактаган эларалык демилгеге кошулду. Мунай, газ, тоо-кен өндүрүшүнүн ишинин ачык болушу, алардын кирешелеринин так эсебин жарым жылда бир жолу жарыялап туруунун Кыргызстан үчүн олуттуу мааниси бар. Ага себеп кыйла жылдардан бери «Кумтөралтын» кенинин айланасында токтолбой келаткан талаш.

тоо-кен өндүрүшүнүн иши ачык болушун камсыз кылуу боюнча Улуу Британиянын демилгеси дүйнөнүн сегиз өлкөсүндө колдоо тапкан. Быйылкы жылдан тарта кыргыз өкмөтү мунай, газ, тоо-кен өндүрүшү кандай иштеп жаткандыгы тууралуу так маалыматты жарыялап туруу милдетин өзүнө алууда.

Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаевдин айтымында, демилгени ишке ашыруучу атайын комитет түзүлүп, эларалык донорлор менен макулдашып, алдыда аткарылчу иштердин программасы иштелип чыккан. Буга кошумча өкмөт жетекчиси, эларалык уюмдардын өкүлдөрү кирген кеңеш түзүлгөн.

- Тоо-кен өндүрүшүнүн иши ачык болушун камсыз кылуу демилгеси акыйкатта да көңүл бура турган ой. Ал туруктуу өнүгүү проблемасын талкуулаган Йоганнесбург жыйынында Улуу Британиянын өкмөт жетекчиси Тони Блэр тарабынан 2002-жылы айтылган. Дүйнөлүк банк да тоо-кен тармагынын иши ачык болуш демилгесин колдойт. Анын принциптери биздин башка өлкөлөр менен биргелешип жүзөгө ашырып аткан долбоорлордо белгиленген. Тоо-кен өндүрүш ишинин ачык болушуна жетишүү демилгесин колдогон өлкөлөрдүн топ башында Кыргызстандын турушун колдойбуз,- деп айтты Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлейс.

Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Башор Мухопадиянын айтымында, жаңы келишим мурункусунан кадыресе айырмаланат:

- Мурунку башкы келишим боюнча, компаниянын салык милдеттенмелеринин 3/1 кечирилген болчу. Жаңы келишимге ылайык эми компания салыктардын баарын төлөйт.

Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаев «Кумтөралтын» кенин иштетүү боюнча жаңы келишимге келүү үчүн кыргыз өкмөтү канадалык «Камеко» корпорациясы менен эки жарым жыл сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн маалым кылды. Өкмөттүн канадалык өнөктөштөрүнө койгон талабы деле жөнөкөй болчу.

- 2,5 жыл илгери эле өкмөт негизги вариант катары «биз бир кайыктабыз, ошондон пайда тапсак аны чогуу бөлүп, чыгашага туш келсек бир төлөйлү» деген негизги сунушту койгон. Бирок канадалыктар ага макул болушкан жок. Өкмөттүн артында калдайган калың эл турат. Ошондуктан биз тобокелчиликти колдон келишинче азайтыш амалын жасадык. Тапчу пайдабыз кайсы? Эми компания бардык салыктарды төлөйт, - дейт Эмирлан Төрөмырзаев.


«Камеко» корпорациясы Кыргызстанга беш жыл ичинде 48 миллион доллар төлөп берүү сунушун билдирген. Кыргыз өкмөтү андан баш тартып, 33% акциясынын 13% сатыкка коюп андан бери эле дегенде 60 миллион доллар пайда табаарын эмитен эле болжоп жатат:

- «Кумтөр» алтын кени биздин ички дүң продуктунун 11-12% берет, экспорттун 30 – 34% түзөт,- деп айтты Эмирлан Төрөмырзаев.

2014-жылы «Кумтөр» алтын кенин иштетүү долбоору аягына чыгат. Ага чейин өкмөт республиканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн башка жолдорун изилдеши керек. Азырынча ал «Кумтөр» алтын кенинен алынган кирешени жакырчылыкты азайтуу максатына жумшоону көздөөдө. Бул эларалык каржы уюмдарынын талабынан чыккан милдет.

XS
SM
MD
LG