Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Христиандар ыйык Пасха майрамын белгилешти


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы христиандар ыйык Пасха майрамын белгилешти. Бул күнү христиандар Ыйса пайгамбарга сыйынышып, диний ырым-жырымдарды өткөрүштү. Бишкектеги православдардын чиркөөсү ыйык Пасха күнүн ишемби күнү түнкү саат 11ден тартып белгилей башташты. Бүгүн жекшембиде таң эрте жүздөгөн православ христиандар борбордук чиркөөгө агылып келип Ыйса пайгамбарга сыйынуу каадасын жасашты.

Чиркөөгө сыйынууга келген Нуржан аттуу кыргыз келин, православ христиан динин тутканына 3 жыл болуптур. Бүгүнкү Пасханы, ал өтө ыйык күн катары
кабылдаарын билдирди:

- Ыйса пайгамбардын буйругу менен бүгүн күн да өтө жылуу болуп турат. Ыйык Пасха күнүн жакшы маанайда тостум. Бул күн мен үчүн эң бир ыйык күн.
-деди Нуржан.

Ал эми католик, протестанттар бул күнү күн баткандан кийин католик чиркөөсүндө от жагып, шам күйгүзүп диний ырым жырымдарды өткөрүп, католик динин кабыл алуучуларды чокундурат.

XS
SM
MD
LG