ОШ. "Кош аракет коомдук демилгелерди колдоо" программасынын жана Карасуу шаарынын жашоочуларынын аракети менен шаарды газдаштырууга арналган эки долбоор аягына чыкты. Долбоордун негизинде шаардагы 2400 үйгө жаратылыш газы киргизилген. 7-апрель күнү бул иш-чаранын аягына чыгуусуна арналган салтанат Карасуу шаар жетекчилиги менен ЮСАИД уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы №1 жана №3 аймактык комитеттеринде болуп өттү. Долбоорду каржылоого жалпысынан 1 млн. 16 миң 49 сом каражат кеткен.