Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

КАДР САЯСАТЫ АКСАП ЖАТАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Орусияда соңку айларда олуттуу саясий окуялар болду. Адегенде парламенттик шайлоодо президентти саясатын колдогон «Бирдиктүү Орусия» саясий партиясы жеңишке жетишти. Байкоочулардын пикиринде, ыңгайлуу абалдан пайдаланган Владимир Путин Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин мезгилинде дайындалган өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетирип, өкмөттүн курамына да өз пикирлештерин алып келүүнү көздөөдө. Айрым саясатчылар Кыргызстанда кадр тандоо акча табуунун бир булагына айлангандыгын айтышууда. Андай пикирлерге караганда, соңку мезгилдерде бийлик Орусиянын жолуна түшүп адегенде парламенттик шайлоодо жеңишке жетүүгө болгон күчүн жумшайт.

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин кыргыз президенти Аскар Акаевден айырмаланып, алгачкы президенттик мөөнөтүндө өкмөттү тез-тез алмаштырбай, туруктуу кадр саясат жүргүздү. Мына ушундан улам айрым байкоочулар Орусиядагы туруктуу кадр саясаты ал өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, Орусиянын эларалык кадыр- баркын чыңдоого түрткү болгондугун айтышууда. Ал эми Кыргызстанда соңку он төрт жылдын аралыгында өкмөттүн курамы тогуз жолу таратылды.

Өкмөт курамын чукул алмаштыруу бийлик өкүлдөрүнүн арасында «качан кызматтан алып койот» деген бушаймандыкты жаратып, жаңы дайындалган министрдин эл үчүн эмес, өз кызыкчылыгына иштөөсүнө өбөлгө түзгөндүгүн көпчүлүк саясатчылар белгилеп келишет. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Молдоташевдин пикирин угуп көрсөк:

- Турмуш көрсөтүп жатпайбы. Кээ бир министрлер өзүн убактылуу сезип, «жумуштан тез эле кетем» деп толук кандуу иштебей жатат.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун пикиринде, Кыргызстанда кадр саясаты өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, бизнес жасоонун ыңгайлуу жолуна айланды:

- Кыргызстанда эң чоң бизнес - бул кадр саясаты болуп калды. Тагыраак айтканда, бул үй-бүлөнүн бизнеси. Маркум Жумабек Ибраимов өкмөт башчы кезинде «бир кызматка орношуш үчүн Ак үйгө 50 миң доллар алып келишет» деп айтпады беле. Ал Мадумаровдун сөзү эмес, ал ошол кездеги премьер-министр Жумабек Ибраимовдун сөзү. Ал - ошол мезгилдеги баа. Бүгүнкү күнү ал баа эбегейсиз чоң сумма менен эсептелет.

Адахан Мадумаровдун жогорудагыдай пикири менен айрым саясатчылар макул эмес. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Самат Бөрүбаевдин айтымында, президент кадр саясатын элдин кызыкчылыгы үчүн жасоодо:

- Мамлекет башчысы премьер-министрлерди элдин турмушун жакшыртыш үчүн алмаштырууда. Мен "кадр саясаты бизнеске айланды" дегенге ишенбейм.

Байкоочулардын айтуусунда, соңку мезгилдерде Кыргызстанда бийликти колдогон саясий партиялар күчкө кирип, жандана баштады. Алар «Алга, Кыргызстан» партиясына аткаруу бийлигинин саясатын ачык колдогон беш саясий партиянын киргенин, кыска мөөнөттө өлкөнүн бардык дубандарында өз өкүлчүлүктөрүн ачууга жетишкенин белгилешүүдө.

Мамлекет башчы Аскар Акаев дубандарды кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушкан учурда 2005-жылдагы шайлоолорго эрте даярдык көрүүгө тыюу салып, ошол эле мезгилде өкмөттүк партиялардын жанданышын тымызын колдогондугун айрым жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү аңдабай айтып алып жатышат.

Маселен, 14-февралда Бишкекте «Жергиликтүү жамааттар, дыйкандар партиясынын» курултайы өткөрүлүп, партиянын башкы максаты - болочок шайлоолордо көпчүлүк добушка жетишүү экендиги ачык айтылды. Ал эми жыйында сөз сүйлөгөн Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев партияны түзөөрдүн алдында президент Аскар Акаев, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, президенттик админстрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков менен жолугушкандыгын, алар дыйкандар менен иш алып барууну күчөткүлө деген сунушун айтканын жашырган жок:

- Ушул партияны түзүш үчүн мен Аскар Акаев менен сүйлөшүп, макулдаштым. Ал киши бул демилгени жан-дили менен колдоп, «эмне карап отурасыңар, тээтиги жактагылар бара электе, дыйкандар менен иш алып баргыла» деди. Кечээ биз Александр Костьюк экөөбүз жетелешип кирип, Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков менен сүйлөштүк. Алар мындай демилгени кош колдоп колдошту. Демек, өөдө жак макулдугун берди. Ошондуктан, биргелешип иш алып баралы, - деп айткан эле министр Төлөбек Өмүралиев курултай учурунда.

"Аткаруу бийлигинин жогорудагыдай аракеттеринен улам бийликти колдогон партиялар болочок парламенттик шайлоодо Орусиядагыдай көпчүлүк добушка ээ болушу мүмкүнбү?" деген суроого депутат Адахан Мадумаровдун пикири төмөндөгүчө:

- Биринчиден, Аскар Акаев менен Владимир Путинди мамлекет жетекчи катары салыштырууга болбойт. Экинчиден, «Алга, Кыргызстан» партиясы Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясындай жеңишке жетишет дегенге мен ишенбейм. Анткени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү «жумушумду жоготуп алам» деп аргасыздан бул партияга киришүүдө. Ошондуктан алар партия үчүн иштеп беришпейт.

XS
SM
MD
LG