Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

МИХАИЛ СААКАШВИЛИ ГРУЗИЯДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ЖЕҢИП ЧЫКТЫ


HTTP://WWW.RFERL.ORG/NCA/IMAGES/PEOPLE/SAAKASHVILI.JPG Грузияда алдын-ала жарыяланган жыйынтык көрсөткөндөй, жекшембидеги президенттик эрте шайлоодо Михаил Саакашвили олуттуу жеңишке жетишти. Буга чейин эле көз каранды эмес байкоочулар Саакашвили мырзанын жеңээрин божомолдоп жатышкан. Ошентип, өкмөттүн өкүм бийлигинин аркасында атасынан баласына “тактыны мурастаткан” азери вариантынан айырмаланып, грузин варианты Кавказда демократиялык жол менен президентти шайлоого болоорун айгинеледи.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жекшембидеги президенттик эрте шайлоонун алгачкы жыйынтыгы тууралуу маалыматынан айгинеленгендей, ноябрь айында мурдагы президент Эдуард Шеварднадзени тынч жол менен бийликтен кетирүүгө жетишкен оппозициялык күчтөрдүн бирдиктүү талапкери Михаил Саакашвили башка талапкерлерге эч караандатпай, ишенимдүү түрдө жеңишке жетишти.

Айрым көз каранды эмес сурамжылоо топтору Саакашвили жалпы добуштун 85 пайыздан ашуунун алганын жекшембиде эле жарыялашкан.

Мурда юстиция министри жана Тбилиси шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеген саясатчы, 36 жашар Саакашвили мындай натыйжага кубанганын жашырган жок:

- Мен абдан толкунданып турам. Эми мен өтө оор жүктү аркалап калдым. Бирок эгерде биз бирдиктүү боло алсак, анда Грузия сакталып калат, Грузия гүлдөп-өсөт, Грузия аман-эсен калат. Биз баарыбыз тең өз өлкөбүз үчүн сыймыктанабыз, эми биз ал үчүн он эсе көп сыймыктанууга тийишпиз.

Анын президенттикке шайланаарында буга чейин деле шек жок болчу. Бирок, ошол эле учурда, “Саакашвили өзүнө жүктөлчү милдетти дурус аткара алаар бекен? АКШда билим алган, эне тилинен башка да орус, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн бул жаш саясатчынын Орусияга карата мамилеси кандай болоор экен? Өлкөдөгү ар кыл саясий жана этностук топтордун кызыкчылыктарынын карама-каршылыгы ага Шеварднадзенин кейпин кийгизбес бекен?” – деген сыяктуу күдүк ойлор ушул тапта арбын айтылууда.

Ал эми Саакашвили өзү тышкы саясаттагы талуулуу суроого жекшемби күнү кайрылып, Тбилисинин Маскөө менен алакалары дурус өнүгө турганын баса айтты:

- Грузиянын жаңы жетекчилигинин артыкчылыктуу саясий багыттарынын бири – бул Орусия Федерациясы менен мурдагыдан да жакыныраак, жылуураак жана ынтымактуураак карым-катнаш түзүү. Бул жаатта алгачкы кадам жасалды. Ырасын айтсак, биздин өз кызыкчылыктарыбыз бар, Орусия да кубаттуу мамлекет катары өз кызыкчылыгын көздөйт. Бирок биз өз ара алакаларыбызды жакшыртуу жана өз мамилелерибизде жаңы доордун барагын ачуу үчүн орток кыртыш табаарыбыз шексиз.

Айтмакчы, Михаил Саакашвили буга чейин Орусияга карата бир катар курч сын-пикирлерин айтканы белгилүү. Саакашвилинин тарапкери, учурда президенттин милдетин убактылуу аркалап жаткан Нино Буржанадзе болсо Михаил Саакашвили президент болуп шайланып калса, өз сөзүнө мурдагыдан да алда канча жооптуу мамиле кылат деп ишенээрин шайлоого чейинки күндөрү билдирген.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы жарыяланаар замат, коңшу Армениядагы оппозициячы саясатчылардын өкүлү, мурдагы армян премьер-министри Вазген Манукян коңшу грузин элин куттуктады:

- Мен Саакашвилини жана грузин элин мыйзамдуу президенти жана басымдуу көпчүлүктүн добушун алууга жетишкен өкмөтү менен куттуктай гана алам.

Эл аралык коомчулук Грузиядагы эрте шайлоолор, анча-мынча учурларды эсепке албаганда, негизинен бурмалоосуз жана башка мыйзам бузуу көрүнүштөрүсүз өткөнүн белгилөөдө. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) 400дөй өкүлү жана башка жүз чакты эл аралык байкоочу өлкөдөгү башкы саясий өнөктүккө байкоо салды. Чет элдик байкоочулардын арасында кыргызстандык оппозициячы саясатчылар да болду. ЕККУнун басма сөз өкүлү Брүс Жорждун айтымында, Грузиядагы президенттик эрте шайлоону «телегейи тегиз деп айтууга мүмкүн эмес болсо да», аны мурдагыга караганда кыйла илгерилөө катары баалоого болот.

КМШ өлкөлөрү алчу олуттуу сабак – грузин варианты, расмий бийликтин өкүмзордугунун аркасында атасынан баласына “тактыны мурастаткан” азери вариантынан айырмаланып, аймакта демократиялык жол менен президентти шайлоого мүмкүн экенин айгинеледи.

XS
SM
MD
LG