Ирандын тышкы иштер министринин маалымат кызматы билдиргендей, ай башында уурдалган батыш европалык саякатчылар "атайын операциянын" натыйжасында бошотулду. Велосипед менен саякаттап жүргөн туристтер Бам шаары менен Пакистандын чек арасына жакын жердеги Захедандын ортосундагы жолдо барымтага түшкөн эле.