ВАШИНГТОН. АКШнын президенти Жорж Буш мурдагы мамлекеттик катчы Джеймс Бэйкерди Ирактын карыздарын реструктуризациялоо боюнча өкүлү кылып дайындады. Ак Үйдүн маалыматына караганда, Жеймс Бэйкер түздөн-түз президентке баш ийип, эл аралык уюмдар менен жүргүзгөн иши жөнүндө маалымат берип турат.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Джеймс Бэйкер президенттин Ирактагы өкүлү болуп дайындалды