ЖАЛАЛАБАД. 18-октябрда Базаркоргон районундагы эки айыл өкмөтүнүн тургундары өкмөткө кайрылуу жолдошту. Райондогу Чкалов жана Бешжүзжон айылдарынын тургундары өз кайрылуусунда 250дөн ашык үй-бүлө суунун тартыштыгынан кыйналып жатышканын билдиришти. Суунун жоктугунан эгиндин түшүмү аз болуп, мээнеттери текке кеткен. Чкалов айылынын тургундары Караүңкүр дарыясына унаа өтүүчү көпүрө салуу маселесин көтөрүштү.