«Эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгү жана аларды социалдык жактан коргоо» тууралуу макулдашууга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү» протоколуна 22-сентябрда, президент Аскар Акаевдин Орусиядагы визити учурунда кол коюлду. Аны кабыл алууга Орусиянын «Чет элдик жарандардын Орусиядагы укуктук макамы» аттуу мыйзамынын өткөн жылдын 1-ноябрынан тарта иштеп жаткандыгы башкы себеп болду. Аталган мыйзам боюнча Орусияда жүргөн чет элдик жарандардын жашап иштөөсүнө бир топ чектөөлөр коюлуп, Орусия мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өз мекенине кайтарып жаткандыктан, Кыргызстандын өкмөтү эмгек мигранттары тууралуу макулдашуунун жоболорун өзгөртүүгө кызыкдар болгон. Аталган протоколго чейин ага Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын ички иштер министрлигинин ортосунда миграция боюнча башка дагы эки макулдашууга кол коюлган. Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиеванын айтымында, алар аталган протоколго негиз болуп берди. Жаңы кол коюлган документ Орусияда иштеган кыргыз жарандарына бир катар жеңилдиктерди берет. Лидия Иманалиеванын айтымында, алар төмөнкүлөр:
- Кыргыз жарандары Орусияда жумуш берген тарап менен эки жылдык келишим түзүп, аны дагы бир жылга узартууга мүмкүнчүлүк алат. Орусиянын мыйзамдары боюнча чет элдик адамды жумушка алган тарап жыл сайын 4 миң рубль төлөп турууга милдеттүү. Бул протоколго ылайык кыргызстандыктарды жумушка алгандар ал каражатты эми жылына эмес, ар үч жылда бир жолу гана төлөөгө укуктуу. Экинчиси- жумуш берген тарап кыргызстандыктардын мекенине кайтуусуна зарыл каражатты мамлекетке күрөө катары алдын-ала төлөп берүүдөн бошотулду. Орусиялыктар чет элдик жарандын үйүнө кайтуусуна жеткидей каражатты күрөөгө коюуга милдеттүү болгондуктан, күрөөдөгү акчасын кайтарып алуу үчүн жумушка алгандарды бир-эки ай бекер иштеткен учурлар болгон. Үчүнчүсү Орусияда юридикалык жакты түзбөй туруп жеке ишкерлик кылган кыргыз жарандары - ал жерде канча жүргөндүгүнө карабастан - мамлекеттик каттоодон эч тоскоолдуксуз өтүүгө укук алат. Бул жобо Орусияда соода кылган жарандардын ачык жүрүүсүнө өбөлгө түзөт. Андан тышкары кыргызстандык эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөөлөрү Орусияга эч кандай визасыз кирип чыга алышат.
Лидия Иманалиеванын айтымында, бул Орусиянын КМШ мамлекеттеринин ичинен эң биринчи болуп Кыргызстан менен түзгөн макулдашуусу болду. Буга кыргыз жарандарынын орус мыйзамдарынын негизинде гана иштеп, анын талаптарын так аткарышканы жакшы өбөлгө түздү.
Расмий маалымат боюнча Орусияда Кыргызстандын 80 миң атуулу эмгек мигранты катары каттоодон өткөн. Ал эми Кыргыз элчилигинин эсеби боюнча, алардын саны 300 миңден кем эмес. Мигранттардын көбү ири шаарлардын курулушунда, айыл чарбасында иштешет жана соода кылышат.
Алар буга чейин Орусиянын жергиликтүү бийликтери жана тартип коргоо органдарынын бир топ кысымына кабылчу. Ушундан улам ал жакта иштеген атуулдар макулдашуунун толук ишке ашарынан күмөн санап турушат. Ал тууралуу чет жерде иштеген жарандардын укугун коргоо боюнча «Акыйкат жолу» коомдук бирикмесинин төрайымы Бүайша Арстанбекова мындай деди:
- Макулдашуу эки мамлекеттин жетекчилери текшерүүгө катуу алып, байкоо салып турган мезгилде гана ишке ашат. Антмейинче, Орусияда да, бизде да коррупция катуу өнүгүп кеткендиктен ишке ашпайт.
Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов Орусияда жүргөн жарандардын мындай кооптонуусуна эч кандай негиз жок деп, макулдашууну ишке ашыруу маханизмдери такталгандыгын баса белгиледи:
- Эми булардын тынчсызданышкандыгынын негизи бар. Себеби, алар өз башынан көп кысмакты өткөрүштү. Биз бул протоколго кол коюлгандын кийин токтоп калбайбыз.Биз Орусиянын облустарындагы миграция кызматтары менен тикеден-тике байланышты түзүү максатын көздөп жатабыз. Бул биринчиден. Экинчиден, элибиздин жайбаракат мүнөзүн эске алып, кыргыз жарандары тыгыз жайгашкан региондордо биздин миграция департаментинин өкүлчүлүгүн ачууга далалаттанып жатабыз. Булардын негизги милдети ошол жерде иштеп, жашап жаткан жердештерибиздин ушул протоколдун талаптарына ылайык, мыйзамдуу түрдө иштеп, жашашына шарт түзүү болот.
Орусиянын миграция боюнча федералдык кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Борис Ащеулов да макулдашууну аткарууга Орусиялык тарап да кызыкдар экендигин билдерди:
- Биз кандайдыр бир тоскоолдуктар болбосу үчүн бардык чараларды көрөбүз.
Эмгек мигранттары тууралуу протокол Кыргызстанда күчүнө жакында кирет. Ал эми Орусияда бул өлкөнүн Мамлекеттик Думасынын жактыруусунан кийин гана колдонула баштайт.