БИШКЕК. 24-сентябрда Бишкекте облустарга инвестиция тартууга арналган семинар өттү. Ага Кыргызстандын бардык облустарынын аткаруу бийлигинин өкүлдөрү жана инвестиция тартууга жоопкер адистер катышты. Жыйын президенттин алдындагы инвестиция тартуу боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн жана Европа биримдигинин республиканын аймактарына чет мамлекеттен каражат тартууга багытталган долбооруна ылайык уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө анын уюштуруучулары республиканын аймактарынан келген өкүлдөргө облустарга инвестиция тартуунун жол-жоболору тууралуу айтып беришти. Жыйында белгилүү болгондой, инвестиция республиканын бардык аймактарына текши жетпейт. Маселен, 2002-жылы республикага тыштан келген инвестициянын жалпы көлөмү - 115 миллион доллар. Анын ичинде, Таласка 12 миң доллар, Баткенге 253 миң доллар, Ошко 13 млн. доллар, Жалал-Абадга 8 млн. доллар, Чүйгө 9,5 млн.доллар, Ысык-Көлгө 8,1 млн. доллар өлчөмүндөгү инвестиция тартылган.