Австралиянын премьер-министри Жон Говард Жакартадагы жардырууну айыптап, аны «адамгерчиликке сыйбаган террордук акт» деп атады. Малайзия, Филиппин өкмөттөрү да бул террордук актыны айыпташты. АКШ Индонезиядагы америкалыктарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды. Жакарта шаарындагы «Мэрриот» мейманканасында бүгүн болгон жардыруудан 13 адам каза болуп, 140 ашууну жаракат алды. Индонезиянын коргоо министри жардырууну террордук акт деп атады. Өткөн жылы Индонезиянын Бали курортундагы жардыруудан 200дөн көп киши набыт болгон эле. Ал окуя боюнча ашкере динчил ислам уюмунун мүчөлөрү кармалган. Ушул жумада сот алардын иши боюнча биринчи өкүмдү чыгарууну белгилеген.