Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Базарбай Мамбетовдун айткандарын маалымат каражаттары так берген эмес


БИШКЕК. «Кеңешменин жыйынтыгын объективдүү айтып бергениме карабастан, менин сөзүм айрым маалымат каражаттарында так берилбей калганына өкүнөм», - деп билдирди Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү Базарбай Мамбетов. «Кыргыз-Инфо» агенттигинин бүгүн тараткан маалыматында Б.Мамбетов талаштуу деп эсептелген үч маселеге токтолгон. Биринчиси - Кыргызстан 1980-жана 1986-жылдары Өзбекстанга берилген 544 гектар жерди кайтарып берүү маселесин, Түндүк Сох менен Чоңкаракалча мунай жана газ кендерин, жер алдында газ сактоо жайын өткөрүп берүү талабын койгон. Экинчиси - эл аралык укук нормаларына негиздеп, Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн 5 газ түтүктөрүнүн техникалык документтерин берүүнү талап кылган. 1992-жылы кол коюлган келишимдерге ылайык газ түтүктөрү 10 жыл мурда Кыргызстанга өтүшү керек болчу. Үчүнчүсү - өкмөт аралык комиссия кыргыз-өзбек чек арасындагы 13 пунктту ачуу тууралуу макулдашуу маселеси козголгон. «Кыргызстандын жүгүн Өзбекстан аркылуу ташып өтүүнүн тарифтерин азайтуу, эки өлкө ортосунда автобус каттамдарын жүргүзүү маселелери козголгон», - дейт Базарбай Мамбетов.

XS
SM
MD
LG