Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Израил кооптонууда


Ирандын өзөктүк курал программасы дүйнө коопсуздугуна коркунуч келтирерин Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом европалык тышкы иштер министрлер менен бүгүнкү жолугушууда билдирди.Шаломдун айтымында, Ирандын өзөктүк куралы Европа жана Орусиянын түштүк бөлүктөрүнө коркунуч туудуруп турат. Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хамид-Реза Асефи Израилдин айыптоосун четке кагып, Иран Ислам Республикасы эч качан башка мамлекетке кол салууга ниеттенбегенин, ал эми болгон куралдары «коргонуу» максатында колдонулаарын билдирди. Асефинин айтымында, Ирандын өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кирүүгө ниети жок. Тегеран ошондой эле эл аралык коомчулуктун каалаган убакта келип, өзөктүк мекеме-ишканаларын текшерүүсүнө каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG