Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

ИРАК: ЭСКИ РЕЖИМДИН КАЛДЫКТАРЫ ИЗДЕЛИП ЖАТАТ, ЖАҢЫ ТАРТИП ОРНОЙ ЭЛЕК


Америкалык аскерлер Ирактын борбордук райондорунда мурдагы режимдин куралдуу жактоочуларын издеп, жок кылуу боюнча кеңири масштабдагы операциясын улантууда. Эксперттердин пикиринде, Саддам Хусейндин куралдуу колдоочулары көргөзүп жаткан каршылык - Ирактагы проблемалардын бири гана. Кошмо Штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелддин билдиргенине караганда, коалициялык аскерлерге каршы кол салуулар тез арада токтой койбойт.

Коалициянын аскерлерине же жергиликтүү тургундарга каршы багытталган кол салуулар менен ок атуулар, жардыруулар Иракта дээрлик күн сайын кайталанууда. АКШнын президенти Жорж Буш негизги уруштар аяктаганын жарыялаган 1–майдан бери душмандын огунан 20дан ашуун америкалык солдат, 6-7 британ аскери каза тапты, киши колдуу болгон ирактыктар да ондоп саналат. Маселен, дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Фаллужа шаарындагы мечитте болгон жарылуудан эле беш жергиликтүү тургун көз жумду.

Америкалык командачылык мындай чабуулдар үчүн Саддам Хусейндин режиминин калдыктарын күнөөлөөдө. Ирактагы аскерий операцияларга командачылык кылган генерал Томми Фрэнкстин пикиринде, алардын жогорудагыдай аракеттери америкалык аскерлердин согуштагы жеңишине көлөкө түшүрө албайт. Америкалык командачылыктын дүйшөмбүдөгү жарыясына караганда, мурдагы режимдин куралдуу колдоочуларын издөө максатында, өлкөнүн борбордук райондорунда жекшемби күндөн бери жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдагы аскерий операция учурунда 320дай адам кармалган. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Вашингтондогу басма сөз жыйынында Ирактын эски режими эми бийликке эч убакта кайтып келе албасын белгиледи. Бирок Д.Рамсфелддин айтымында, коалициялык күчтөргө каршы кол салуулар тез арада токтой койбойт жана аларга Ооганстандагыдай милдет өтөөгө туура келет:

- Баас режиминин калдыктары жана өлүмгө башын байлаган федаиндер тобу эл ичине сиңип кетип, эми террордук иштерге өтүштү. Ооганстанда Талибандын жана "ал-Каиданын" калдыктары менен алектенген сыяктуу эле, биз буларга да күч колдонуудабыз.

Ал эми айрым аналитиктердин пикиринде, режим бийликтен кулагандан кийин да, коалициянын аскерлерине каршылык көргөзүлүп жатышына уруучулук факторунун да таасири тийүүдө жана режимдин калдыктары кээ бир исламчыл уюмдар менен ымалалашып кеткени жөнүндө маалыматтар бар. Мындай аракеттер азыр дайыны белгисиз Саддам Хусейн табылып калган күндө да улана бериши мүмкүн. Бирок, Саддамдын табылышы - элди экс-диктатор кайра бийликке келип калбайбы деген кооптонуулардан арылтмак.

Эксперттер белгилеп жатышкандай, Ирак үчүн Саддамдын тагдырынан да олуттуу маселе - өлкөдө мыйзамдуулуктун жана тартиптин орношу, турмуш-тиричилик кызматтарынын калыбына келтирилиши. Коммуналдык чарбаны калыбына келтирүү иштери диверсиянын айынан бүлгүнгө учуратылып жатат. Ирактын "Кайра жаралуу жана демократия үчүн" деген жаңы партиясынын уюштуруучусу Мухаммед Абдел Жабар Багдадда күндөлүк турмушка нааразы болгондордун саны өсүп жатат деп эсептейт, бирок анын пикиринде, америкалыктарга каршы кеңири козголоң чыгат деп айтуу азырынча эртелик кылат:

- Экономикалык кырдаал оңолбой эле начарлоонун үстүндө экени, карапайым ирактыктар бул оор абалдан жабыр тартып жатканы чындык. Бирок, мен кырдаал ирактыктарды америкалыктарга каршы куралдуу козголоңго чыгууга түрткү бергидей чекке жетип калды деп айтпас элем. Бул жөнүндө кеп кылуу азырынча эрте.

Ирактыктар арасында мыйзамдын жана тартиптин жоктугуна, коопсуздук жагдайынын начардыгына, Багдадда электр жарыгы менен таза суунун тартыштыгына кыжырданган маанай бар экени жашыруун эмес. Алар азырынча америкалыктардын "боштондукка чыгарганы" эмес, "баскынчылыгы" жөнүндө сөз кылышууда. Саясий партиялар менен мурдагы режимдин оппоненттери америкалык администрацияны өлкөнүн өз өкмөтүн түзүү ишин кечеңдеткени үчүн сындап жатышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG