Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

ИРАНДЫКТАР ӨКМӨТТӨН РЕФОРМАЛАРДЫ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага http://gdb.rferl.org/B09BD8B0-AF5F-48D2-A9EE-B672B137AF2D_w203.jpg 11-июнга караган түнү Тегеранда миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты. Университеттерди менчиктештирүү жараянынын өтө жай баракаттык менен жүрүп жатканына нааразчылык билдирген жүрүштүн соңунда ирандыктар реформалардын өтөлүнө чыга албаган президент Мухамад Хатаминин кызматтан кетишин талап кылышты.

Шаршембиге караган түнү миңдеген тегерандыктар көчөгө чыгышып, студенттик шаарчага бет алышты. Демонстранттар университеттерди менчиктештирүү жараянын ыкчамдатууну талап кылышты. Бирок Тегерандын тургундары нааразылык акциясына чыккан 3 миңдей кишинин жүрүшү аягында саясий демонстрацияга айлангандыгын айтышууда. Студенттик шаарчага киргизбөө үчүн алардын жолун полиция торогонун уккан демонстранттар саясий туткундардын бошотулушун жана көптөн убада кылынган реформалардын өтөлүнө чыга албаган президент Мухаммад Хатаминин кызматтан кетишин талап кылышты. Германиянын ДПА кабар агенттиги атүгүл демонстранттар өлкөдөгү саясий системанын өзгөртүлүшүн жана бул маселенин элдик референдумга койулушун талап кылышканын маалымдайт.

Көптөгөн кишилер телеберүүлөрүн АКШдан спутник аркылуу тараткан ирандык эмигранттардын чакырыгы боюнча демонстрацияга чыгышканын айтышкан. Телекөрсөтүү ирандыктарды шейшембиде 10-июн күнү болгон студенттик демонстрацияга кошулууга үндөгөн. 46 жаштагы Парвин деген аял Ройтер кабар агенттигине берген маалыматында:

"Студенттик шаарчага нааразылык билдирген жаштардын чогулуп жатканын угуп келдим. Мен АКШнын тышкы иштер министрине биз өлкөбүздө өзгөрүүлөрдүн болушун каалап турганыбызды айтайын деп келдим!",- деп айткан.

Саясий байкоочулар президент Мухаммад Хатаминин реформа жүргүзүү аракеттеринен майнап чыгаарына көптөгөн ирандыктар азыр ишенбей калышканын, реформаларга бөгөт болуп жаткан консервативдүү күчтөрдү реформачыл өкмөт жеңүүгө кудуретсиз экенине Иран интеллигенциясынын көзү жеткенин айтышат. 1997-жылкы парламенттик жана президенттик шайлоонун натыйжасында бийликке келишкен реформаторлордун ар бир аракети баарынан жогору турган диний саясий элитанын каршылыгына туш болуп келатат. Аналитиктер учурда консерваторлор менен реформаторлордун өз ара тирешүүсү күч алып бараткандыгын айтышууда. АКШ аскерлеринин Ооганстанда жана Иракта жайгаштырылышы менен бийликти колдон чыгарып жиберүүдөн кооптонгон консерваторлор "өлкөнү башкаруунун тизгинин бекемирээк тарта башташты" дешет серепчилер.

Ошол эле маалда, калктын кеминде 70 процентин 30 жашка чейинки жаштар түзгөн Иранда жумушсуздук күч алып барат. Бул факторлор чогулуп келип, бир жагынан, өлкө коомчулугунда реформачыл күчтөрдүн кудуретине ишенбестикти, экинчи жагынан, 24 жылдан бери өлкөнү катаң исламдык мыйзамдын тартибинде башкарып келаткан, парламент менен өкмөттүн үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн молдолор элитасына нааразычылыкты күчөтүүдө. Муну жакшы түшүнүп турган Тегеран акимчилиги нааразылык акциялары баш калаада күч ала тургандыгын божомолдоодо. "1999-жылы 9-июлда болгон жагдайга жакындап баратабыз. Бул демонстрациялар нааразы калкка каршы катаң чара көрүүгө шылтоо болуп бериши ажеп эмес. Буга жол бербешибиз керек!"- деп билдирет шаар акимчилиги. 1999-жылы реформачыл демонстрациялар консерваторлор менен реформачылардын тарапкерлеринин өз ара кагылышууларына алып келген.Реформачылардын демонстрациялары полиция тарабынан айоосуз басылып, алардын ондогон лидерлери сот жазасына тартылган.

Соңку демонстрация, негизинен, тынч өткөндүгү маалымдалды. Акыркы чоң демонстрация Тегеранда былтыр ноябрда өткөн. Университеттин окутуучусу Хашем Агажаринин "ислам динине акаарат келтирди" деген айып менен өлүм жазасына кесилгенине нааразы болгон миңдеген студенттер эки ай бою тынымсыз демонстрацияга чыгышып, сабакка барбай койушкан. Анда оболу тынч мүнөзгө ээ болгон демонстрациялар акырында полиция менен кандуу кагылышууларга алып келген эле. Жүздөгөн демонстранттар камакка алынып, аларга каршы Басижи милициясы койо берилген. Акыры абалды тынчытуу үчүн Ирандын жогорку соту Агажариге чыгарылган өкүмдү өзгөртүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG