Соңку апталарда Ирактын башкалаасындагы арак-шарап саткан дүкөндөрдүн кеминде эки-үчөөсүнө кол салынып, көпчүлүгүнүн ээлери ишин токтотуу жөнүндө чакырык алган. Биздин радионун Багдаддагы кабарчысы Валентинас Митте арак-шарап саткан дүкөндөрдүн бир нечесин кыдырганда,алардын ээлери бизнесинин коопсуздугунан тынчызданып жатканын белгилешкени менен интервью берүүдөн баш тартышты. Анонимдүү жагдайда маек курууга макул болгон ишкерлердин бири өзүнүкүнө коңшу дүкөнгө жасалган чабуул тууралуу мындай дейт:
- Эртең мененки саат бештерде РПГ-7 үлгүсүндөгү гранатомёт менен атылган дүкөн айрым бир бузулууларга дуушар болгон.Ал эми төрт күн мурда эл-Хут деген дүкөн толугу менен талкаланган.
Багдаддагыдай көрүнүш Ирактын экинчи ири шаары – Басрада да орун алган. Биздин радионун кабарчысы кепке тарткан дүкөн ээсиинин айтымында жогорудагыдай чабуулдар - исламчылар уюмдардын колунан келген иш.
Багдадда эле арак-шарап саткан 2 миңдей дүкөн бар экенин, алар жергиликтүү өндүрүштөгү арзан ичимдиктерден тартып, батыштын кымбат ичимдиктерине чейин соодаларын эске алганда кардарлар деле бир топтой.
Ичимдик сатуучу дүкөндөргө жасалган кол салуулардын артында исламчыл күчтөр турат деген шек саноолор андай уюмдардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Саддам Хусейндин тушунда сүргүндө Иранда жашаганы жөнүндөгү фактыга негизделгени талашсыз. Ирактын коңшусу Иранда бир бөтөлкө пиво ичкен адамды жазага тартууга болот. Саддам Хусейндин доорунда сүргүндө - Иранда иштеген Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши деген уюмдун өкүлү Ахмед Али ал-Кафжи, бирок, жогорудагы ырастоолорду четке какты. Анын пикиринде, чабуулдарды динге жамынган башка топтор уюштурган:
- Бул адамдар динге жамынып гана иш кылгандар. Алар Баас партиясы же башка топтор менен байланышта болушу мүмкүн. Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши жана исламчыл уюмдардын башкалары бул жапайычылыкты айыптайт.
Анткен мен ал-Кафжи эгер анын уюму Ирактын жаңы өкмөтүнүн курамына кирип калса, арак-шарапты колдонуу жаатында кандай саясатты карманарын чечмелөөдөн баш тарты. Ирактын Саддам Хусейнден кийинки бийлигинде исламчыл уюмдардын үстөмдүк кылуусу кайра эле адам эркиндиктерин чектөөгө алып келеби деген кооптонуулар жок эмес.
Шийиттердин ыйык шаар катары эсептелген Нажафтагы дагы бир уюмунун өкүлү шейх Абдел Жаббар Менхел да дүкөндөргө жасалган чабуулдарынын артында исламчыл топтор турат деген ырастоолор менен макул эмес. Ал арак-шарап дүкөндөрү акырындык менен толук жабыларына ишенет. Абдел Менхел белгилегендей, азырынча Ирактагы башкы көйгөй - жаңы өкмөттү түзүү, мыйзамдуулукту жана тартипти орнотуу.