Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:28

КЫРГЫЗСТАНДА АТКЕЗЧИЛИК АЗАЮУДА


Сапар Орозбаков, Бишкек Мындан 2 ай мурда өкмөт күйүүчү майга акциздик салыкты 2 эсе азайткан болчу. 20-майда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт адамдары жана мунай продуктуларын ташып келип сатуучулар журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүшүп, өкмөттүн бул чечими өз максатына жеткендигин билдиришти.

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, өкмөт акциз салыгын 2 эсе азайтып тобокелге барган. Анткени күйүүчү майдын көбү Кыргызстанга аткезчилик аркылуу ташылып келип жатканы белгилүү болгону менен, анын мынчалык экенине ал кезде өкмөттүн көзү жеткен эмес. Азыр эксперимент өзүн актады десе болот. Кирешелер комитетинин маалыматына караганда, акциз салыгы азайтылгандан кийинки бир ай ичинде мыйзамдуу түрдө ташылып келип сатылган бензиндин жана дизель майынын көлөмү 2 эсе өстү. Финансы министрлиги Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен келишим түзгөндө, нефтрейдерлер аны «апрель айында 11 миң тоннага чыгарабыз» деп милдеттенме алышкан экен. Иш жүзүндө мыйзамдуу түрдө салык төлөп сатылган күйүүчү майдын көлөмү 22 миң тоннага жетти. Бул казынага түшчү салыкты да 2 эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Акциз салыгы азайтылганга чейин, март айында, андан бюджетке 20 млн. сом түшкөн болчу. Аны нефтетрейдерлер апрель айында «34 млн. сомго жеткиребиз» деп убада кылышкан. Иш жүзүндө ал 69 млн. сомду түздү.

- Бул эксперимент бизде аткезчилик бар экенин, анын көлөмү мыйзамдуу жол менен ташылып келип сатылган күйүүчү майдын көлөмү менен бирдей экенин көрсөттү. Бул пилоттук долбоор болчу. Эгерде баары жакшы болуп, аткезчиликти чындап эле экономикалык чаралар менен токтото алсак, ошол механизмди биз башка чөйрөлөргө да киргизебиз, - дейт Жоомарт Оторбаев.

Жоомарт Оторбаев айткандай, эксперимент азыр акырына чыга элек. Анткени салык төлөбөй сатылган бензин жана дизель майы азыр да бар. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Олег Забара арзан баа коюп коюп, 10 литрдин ордуна 7-8 литр куюп же бензинге башка нерселерди кошуп сатышкандар дагы эле бар экенин айтат.

- Биз кечээ 33 жерге барып келдик. Бардык жерде 2-2,5 литр жетпейт. Эми сатып отургандарды да күнөөлөгөнгө болбойт. Алардын ачууланганын айтып берүүгө мүмкүн эмес. «Бизди баары кыйнап бүтүштү» дешет. «Санэпидстанциясы келсе да, жаратылышты коргоо органдары келсе да, МАИ да, участкалык милиционер да, салыкчылар да - баары бекер куюп алышат» деп ыйлап жатышат. Алар канча бекер алышса, элге ошончо аз куюлат, - дейт Олег Забара.

Соодасы жакшы жүрө баштагандыктан, өкмөттүн бул чечимине нефтетрейдерлер ыраазы экени айтпаса да түшүнүктүү. Күйүүчү май мурдагыдан 1-2 сом арзан болгону үчүн ага эл да ыраазы. Салык мурдагыдан көп түшүп жаткандыктан, өкмөт да өз чечимин туура болду деп эсептейт. Жоомарт Оторбаев мунай заттарынын арзан болушу өнөр жайына жана айыл чарбасына да оң таасир берээрин, инфляциянын да азайышына салым кошоорун белгиледи. Бирок бул чечимге нааразы болгон бирөө бар экендигин айтпай кетүүгө болбойт. Ал – мунай заттарын ташып келип саткан эмес, ушу жерде өндүргөн «Кыргыз петролиум компани». Ал «атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоонун ордуна импортко артыкчылык бересиңер» деп өкмөттү күнөөлөп жатат. Бирок өкмөт буга макул эмес.

- Биз «Кыргыз петролиум компанинин» позициясын билебиз. «Биз чыгаша болобуз» дегенинен алар чыгарган продукциянын өздүк наркына эсеп жүргүзүп көрдүк. Биздин эсеп ал киреше менен иштээрин көрсөттү. Анын кирешеси 2 эсе азаят экен. Ошондуктан ал каршы болуп жатат. Алардын өндүргөн продукциясынын көлөмү биз үчүн чечүүчү мааниге ээ эмес. Анын үстүндө ал бардык салыктардан бошотулган, - дейт Жоомарт Оторбаев.

XS
SM
MD
LG