Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

ТЕРРОРЧУЛАР ӨЗ ИШТЕРИН УЛАНТУУДА


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/9499CD12-2103-40F0-AFA6-6BA5B2EC242C_w203.jpg Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында ишке ашырылган террордук жардыруулардан 29 адам набыт болуп, дагы 194 киши жарат алды. Ошол эле күнү Чеченстанда да жардыруу уюштурулуп, андан 54 киши өлүп, эки жүздөй адам жарадар болду. Америкалык жетекчиликтин айтымында, Рияддагы жардыруунун артында "Аль-Каида" уюму турат.

Эр-Риядда удаасы менен үч жардыруу жасалган жана алар - өлкөгө АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келээрине бир нече саат калганда ишке ашырылган. Пауэлл жарылган үйлөрдүн ордуна барып, бул террор аракеттери өтө кылдат уюштурулганын айтып, анын артында "Аль-Каида" уюму турушу мүмкүн деп билдирди.

АКШ президенти Жорж Буш дагы ошол эле күнү окшош пикир билдирип, кылмышкерлер сөзсүз табылаарын айтты: "Мындай ишке эч нерсеге ишенбеген, жек көрүүчүлүктөн башканы билбеген өлтүргүчтөр гана барат. Жана Америка Кошмо Штаттары аларды таап, америкалык адилет эмне экенин аларга көрсөтөт".

Рияддагы жардыруулар түнкү саат он бир жарымда чет өлкөлүктөр жашаган бир нече үйдүн жанында болгон. Ал үйлөр бийик дубал менен корголгон жана күнү-түнү жакшы кайтарылат. Кылмышкерлер кайтаруучуларга машине менен келип, баарын бир мүнөттүн ичинде керектен чыгарып салган, ошол эле мезгилде башка машинелер менен келгендер дубалдын дарбазасын сүзүп короого кирип, үйлөрдүн бурчуна барып токтогондо, жарылып кеткен. Алардын ичиндеги тогуз кылмышкер кошо өлгөн. Бардыгы болуп 29 адам каза тапты, алардын жетөө америкалыктар болчу. Сауд Арабияда азыр 35 миңдей америкалык жана 30 миңдей британиялык жаран эмгектенет.

Май айынын башында АКШ өкмөтү атайын билдирүү таратып, Сауд Арабияда америкалык кызыкчылыктарга каршы аракет көрүлүшү мүмкүн деп жарыялаган. 11-май күнү болсо, "Аль-Каида" уюмунун бир мүчөсү Лондон шаарында жайгашкан "Аль-Махалла" гезитине электрондук кат жиберип, Сауд Арабияда ири террордук аракетти ишке ашырууга бардык даярдыктар көрүлүп бүткөнүн билдирген. Анын алдында болсо, 6-май күнү, Сауд Арабиянын полициясы өлкөдө ири өлчөмдөгү курал тапкан жана аны катып кеткен деп шектелген 19 адамга издөө салынган.

Ошондуктан, Рияддагы террор аракеттери көз көрүнө жасалды десе болот жана Сауд Арабиянын коопсуздук кызматтары анын алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрбөгөн сыяктуу. Бул маселелерди Буш 14-май күнү АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын деректири Жорж Теннет менен жолугуп талкуулады.

Аны менен катар, кээ бир америкалык саясатчылар президент Бушту сынга ала баштады. Сенаторлор Росс Фейнголд менен Боб Грэхемдин пикиринде, Ооганстандагы согушту аягына чыгарып, "Аль-Каида" уюмун жок кылгандын ордуна Буш Ирак согушун баштап жибергени антитеррордук аракеттерди бир кыйла солгундатты.

Ал эми Лондондо чыгуучу "Таймс" басылмасы 14-май күнү Рияддагы жардыруулар тууралуу атайын макала басып чыкты. Анын автору Саймон Женкинстин пикиринде, азыркы күндөгү коркунуч - кайсы бир өлкө кеңири кыргын салуучу курал өндүрүп жатканынан же башка бир өлкөлөр "балакеттин үчилтиги" болуп алгандан чыккан жок. Дүйнөлүк коомчулукка негизги коркунуч ушундай кылмышкер топтор тарабынан чыгууда. Ошондуктан Ирак согушу сыяктуу иштерге миллиарддаган доллар короткондон көрө, ал каражат чалгындоо жана коопсуздук иштерине жумшалса, алда канча жакшы болмок. Экинчи жагынан, ушунча каражат жумшалган Ооган жана Ирак согуштарынын натыйжасында "Аль-Каида" уюму жок кылынбастан, өз террор аракеттерин улантып жатса, ал согуштарды баштоонун канчалык зарылчылыгы бар эле, - деп жазат Женкинс.

XS
SM
MD
LG