Өкмөт өзүнүн чыгарган токтому менен Кумтөр алтын кенинин долбоорун реструктуризациялоо боюнча «Камеконун» схемасынын принциптерине макул экендигин билдирген болчу. Өкмөттүн бул токтомун «өкмөт «Камеконун» сунушун колдойт, бирок кендин баасы биротоло бычыла элек» деп түшүнсө болот. Жакында өткөрүлгөн парламенттик угууда Финансы министрлигинин өкүлү да ушуну ырастаган.
- Бул жерде биз чынында эле гарантияланган акча алып жатабыз. Бул - өткөн жыл үчүн 4 млн. доллар. Биз аны алып алдык. Кийинки 5 жылда жылына 8 млн. доллардан алып турабыз. «Кыргызалтынга» тийчү акчаны кошкондо бардыгы 57,6 млн. доллар болот, - деген болчу финансы министринин орун басары Сабырбек Молдокулов. Айтылгандардан көрүнүп тургандай, Финмин 4 млн. долларды алып алды. Эгерде Кумтөр сатылбаган болсо, ал акчаны «Камеко» бербейт болчу.
Бирок Кыргыз телекөрсөтүүсү өткөргөн түз эфирде премьер-министр «Кумтөр принцибинде да сатыла элек» дегендей айтты.
- Өкмөткө «Кумтөрдү иштетүүдөн 2008-жылга чейин гарантиялуу акча түшөт» деген сунуш болгон. «Кыргызалтын» менен «Камеконун» суроосу боюнча өкмөт менен депутаттык корпустун өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн. Жетиштүү деӈгээлде сунуш изилденди. Биз «Камеко» сунуш кылгандай жол менен реструктуризация жасаганга эрте деген жыйынтыкка келгенбиз. Көз карандысыз компаниялардын жардамы менен активдерди эсептеп чыгуу зарыл. Анан карап көрөбүз. Эгер биз өзүбүздүн үлүшүбүздү сатуу пайдалуу деген тыянакка келе турган болсок, биз башкарууну өткөрүп бербей туруп, аны тендер аркылуу сатабыз, - деди Николай Танаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Премьер-министрдин сөзүн «кен сөзсүз эле «Камекого» сатылбайт» деп түшүнүү зарыл. Анткени, эгерде чындап эле тендер өткөрүлсө, аны «Камекодон» башкасы деле утуп алышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, премьер-министр да, финансы министринин орун басары да «акча гарантиялуу түшөт» деп жатышат. Кыргыз бийлиги Кумтөрдү арзан-кымбатына карабай сатып жатышын да ушул акчанын гарантиялуу экендиги менен түшүндүрүп келет. Бирок премьер-министрдин айтканына анын кеӈешчиси макул эмес.
- Реструктуризациялоонун долбоорунда «акча гарантиялуу түшөт» деп жазылган. Ал жерде гарантиялуулукту жокко чыгарган 3 пункт бар. Эч кандай гарантия жок, - деди Богдецкий мырза ошол парламенттик угууда.
Кыргыз өкмөтү Кумтөрдүн акцияларынын «Камекого» берилишин «сатуу» деп айткандан чочулап турат.
- «Алтын өнөр жай тармагы менчиктештирилбейт» деген президенттин указы жана өкмөттүн токтому бар. «Камекого» биз койгон талаптардын биринчиси эле «жөнөкөй акциялардын ордуна артыкчылыктуу акциялардын берилиши менчиктештирүү болбойбу» деген маселе болду, - деди «Кыргызалтындын» жетекчиси Камчыбек Кудайбергенов. Премьер-министрдин кеңешчиси аны да четке кагат.
- «Реструктуризация» деген термин менен Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сатуу жымсалданып айтылып жатат, - дейт Богдецкий мырза.
Финансы министрлиги менен «Кыргызалтындын» ортосунда Кумтөр боюнча пикир келишпестик бар экени парламенттик угууда даана байкалып турду.
- Бул үчүн биз көз карандысыз компания же топ жалдайлы дегенбиз. Бул жагынан биз «Кыргызалтындын» каршылыгына туш болуудабыз. Жумушчу топтун отурумдарына жана жыйналыштарына «Кыргызалтындын» президенти өзү да катышпайт, кызматчылырына да катышууга тыюу салган. Ошондуктан топтун иши токтоп турат, - деди Сабырбек Молдокулов.