Партия жетекчисинин антип тор зымдын артында айбаттуу сес көрсөтүп атышынын кадыресе жөнү бар. Аксы алааматынан улам бийлик менен оппозициянын арасы кыйла алыстап, “А.Акаевди кызматтан кетирүү” кыймылынын үнү пештүү чыгып калган. Конституциялык реформанын ыктуу жыйынтыгы менен президент А. Акаев атаандаштарын кыйла бас-бас кылып, көбүн ымалага келтирип, Башмыйзамды жаңылоо демилгесинин аркасы менен алыска сермелген саясий максат-мүдөөсүн ишке ашырууга жетишти.
Конституциялык Кеңешме маалында ары-тарт, бери-тартка түшкөн Башмыйзам кыска убакыт ичинде Эксперттик топтун элегинен өтүп, аялдабай калк колдоосуна коюлду. Күтүүсүз саясий жүрүштөрдүн кыныгын алган жаңы кыргыз бийлигине алданып калганын оппозиция ошондо түшүнгөн.
Кыргызстанда референдум, шайлоо кандай өткөнүн карапайым калктан мыкты билген жан жок. Жалпы элдик колдоонун жыйынтык саны канча пайызга жетип токтолоору ири алды жергиликтүү бийлик демилгечилеринин ыкластуу аракетинен чыгаарынан көпчүлүк кабардар. Тек, баарына белгилүү көнүмүш ушу тапта эч эрен-төрөнү жок кабылданып калды. Мына ушул жалпыга дайын акыйкатты айтам деп оппозиция ар качандан бир качан бийликке жаман көрүнүп келатат. Референдумга республика калкынын 40% гана катышканын айта коймокчу болгон оппозициянын бир тобу ушу тапта “адам уурдады” деген айыпка кабылып, сурак беришүүдө. “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтык Дулатов убактылуу абак жайында кармалып чыкты. Референдум маалындагы көз боемочулуктарды гезитке жазган журналист Төлөгөн Сулайманов алыска чыкпоого тилкат берип суракта.
“Арнамыс” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Тынчтык Дулатов бийликтин оппозицияга карата мындай мамилесин “саясий заказ” деп эсептейт:
- Жакын арада парламент таркатылышы мүмкүн. Ордуна жаңы шайлоо башталат. Мына ошол шайлоого «Арнамыс» партиясынан бир да бирөө өтпөсү үчүн бийлик ушинтип коркутуу жолуна түшүүдө. Референдум учурунда көп добуш берген баланы кармап алганыбызды уурулукка шылтап мага кылмыш ишин ачышты. Бул саясий заказ. Бийликтин саясий куугунтуктоосу күчөп атат. Мен саясий башпаанек сурап эч жерге кайрылган эмесмин.
Аксы окуясынан тутанган бийлик менен оппозициянын ачык тиреши парламенттик, президенттик шайлоо жакындаган сайын күчөй бериши турган иш. “Арнамыс” партия жетекчиси Феликс Куловдун божомолу туура чыгып, ушу тапта “үчүнчү мөөнөт” президенттик бийликте турган Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясына таянып, кезектеги шайлоого дагыле мамлекет башчылыкка талапкер катары чыгаары анык болсо, оппозицияга карата кысым, саясий куугунтук дагы күчөшү ыктымал. Антпей, президент кызматтан кеткенден кийин деле абсолюттук кол тийбестик укукка ээ болоорун эш тутуп, бийликти жаңылоо зарылдыгын оң көрсө, оппозицияга мамилесин жакшы жагына өзгөртүп ийиши деле ыктымал.