Ушу тапта Кыргызстанды желкелеген жалгыз коррупция болсо андан республика анчалык жабыркамак эмес. Калкынын кыйласы кедей, өнөр жай ишканаларынын көбү токтоп, жайма базар менен айыл чарбасына күнү түшкөн өлкөнүн экономикасы бечел бойдон калууда. Республиканын финансы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаевдин айтымында, республиканын экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдайлар биртоп.
- Бул биринчи иретте тышкы карыздын оорчулугу,- дейт Эмирлан Төрөмырзаев.- Ага кошумча калктын жакырчылыгы. Үчүнчү проблема - аткезчилик менен көмүскө экономика. Дагы бир маселе - бюджетти толтурчу ички дүң продукция өндүрүшүнүн аздыгы. Ойлонтчу жагдай - экономика жаатында индустриялаштыруу төмөнгө түшүп, айыл чарба, майда өндүрүш үстөмдүк кылып баратат. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, жетиштүү өлчөмдө азык-түлүк топтоо проблемасы да бар. Коррупция коркунучу биралдын мыйзам карама-каршылыгынан чыкса, экинчи тараптан аткаруу, сот, тартип сактоо органдарында мыйзамды сактабагандыктан келип чыгууда.
Президент Акаевдин маалымдаганына караганда, аткезчилик ушу тапта республикага ташылып келип аткан буюмдардын 15% түзөт. «Көмүскө экономика», бийликтин ырастоосуна караганда, ички дүң продукциянын 25% ээлейт. Бул жагдай, президенттин айтымында, «жалпы экономикалык кырдаалга гана жагымсыз таасир тийгизбестен, бюджеттин толтурулушуна тоскоол болот, социалдык программаларды аткарууга, мамлекеттик колдоого муктаж адамдарга жардамдашууга мүмкүндүк бербейт».
«Азат» корпорациясынын президенти Өмүрбек Абдырахманов коррупциянын чайлап-коолап өнүгүшүнө азыркы бийлик системасы кызыкдар деп эсептейт. Мамлекет ишкерлердин жардамын саясий иш-чараларга жумшаганга куштар. Ишкерлер экономикалык эркиндикке жетишкени менен салык жагынан дагы эле бийликке көз каранды.
- Чиновниктердин айлыгы аз,- дейт Өмүрбек мырза.- Ачка чиновник террорчудан жаман. Ошон үчүн биздин экономика өнүкпөстөн артка кетүүдө.
Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоого катышкандар абдан коррупцияланган кызмат катары милицияны, бажы, салык инспекцияларын, сот, прокуратура органдарын, жогорку окуу жайларын аташкан.