Түркмөнстандын мурдакы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов өлкө президенти Сапармурад Ниязовго каршы кутум уюштурду деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылды.
С. Ниязов бүгүн мамлекеттик сыналгыдан сүйлөп, Б. Шихмурадов менен кошо, президенттин автоэскортуна өткөн айда болгон кол салууга катышы бар дагы эки адам өмүр бою түрмөгө кесилди деп жарыя кылды. Ниязовдун айтымында, “Б. Шихмурадов өлтүрүлсүн деген талап аткарылган жок. Мындай катаал жазага жалгыз Алла-Таала гана өкүм кыла алат”.
Өкүмдү Түркмөн парламенти бүгүн эле бекитти.
Борис Шихмурадов 2001-жылы Түркмөнстандан качып кетип, өзүн качкындагы түркмөн оппозициясынын лидери деп жарыялаган.