АКСЫ. Жекшемби күнү Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында 200дөн ашуун адамдын катышуусу менен жыйын болуп, анда Аксы окуясы боюнча соттун жыйынтыгы талкууланды. Жыйын катышуучулары соттун Аксы окуясында жабырлангандар катышпастан өткөндүгүнө нааразылык билдиришип, элди аткандардын атын атоону, сотту Кербенде өткөрүүнү талап кылышкан жана талаптар аткарылбаса нааразылык акцияларын улантаарын билдиришкен. Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын соту Майлы-Суу шаарында өтүп, өткөн жумада өкүм чыгарылган эле.
Аксы районундагы Кызыл-Жар айылынын тургундары Аксы окуясы боюнча сот өкүмүнө нааразы.