Нигерияда диний араздашуу тутанып,басылбай жатат. Жергиликтүү мусулмандар ыйык Рамазан айында Абужиде сулуулардын конкурсун өткөрүүгө каршы болуп, бир канча шаардын тоз-тополоңун чыгарышты.Тополоң маалында 100дөн ашуун киши набыт болду,жарым миңдейи жабыркады.Мусулмандарды ошондой эле жергиликтүү гезиттердин биринде жарыяланган кабар катуу жаалдантты. Анда эгер Мукамбет пайгамбар тирүү болгондо конкурска келген сулуулардын бирине үйлөнмөк деп айтылган эле.
Дүйнөлүк сулуулардын финалдык конкурсу Нигериянын борбору Абужиде эмес, Лондондо өткөрүлө турган болду.