Орусиянын Туапсе шаарындагы мунай заводго 28-апрелге караган түнү кайрадан дрон менен сокку урулду. Анын натыйжасында ишканада өрт тутанды. Жабыркагандар жок. Заводго жакын жашагандар коопсуз жакка көчүрүлө баштаганын жергиликтүү бийлик билдирди. Бул заводго апрель айында коюлган үчүнчү чабуул.
Жердеги экологиялык көйгөйлөр курчуган сайын анын кесепети Борбор Азияда да таасын сезилет. Климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөр эрип, суу тартыштыгы жалпы эле чөлкөмгө коркунуч жаратууда. Астанада өткөн эл аралык экологиялык саммитке катышкан лидерлер ушул маселелерди талкуулашты.
Министрлер кабинети 24-апрелдеги жыйынында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планы жөнүндөгү токтомунун долбоорун карап, бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
1986-жылы 26-апрелде Украинадагы Чернобыл атомдук станциясынын төртүнчү реакторунда жарылуу болгондо ошол кездеги СССРдин чар тарабынан жүз миңдеген “ликвидатор” тазалоо иштерине тартылган. Арасында кыргызстандыктар да болгон.
Президент Садыр Жапаров Москвага күтүүсүз сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Орус армиясынын чабуулунан Одесса шаарында жетимиш жаштан ашкан жубайлардын өмүрү кыйылды. Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институтунда нааразылык чыкты.
Токойчулар Чүйдүн Кегети капчыгайында кызыл карагайларды курт каптап, кууратып жатканы үчүн четинен кыйууда. Бул токойдун калган бөлүгүн сактап калуунун аргасыз чарасы.
Бишкек-Ош каттамындагы учакта бараткан айрым жүргүнчүлөр дем ала албай, эс учун жоготкону айтылууда. Окуя боюнча ички иликтөө жүрүп жатат. Украинада ракета, дрон чабуулунан 20 киши набыт болуп, жүздөй киши жарат алды. Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков президентке кайрылды.
Бишкекте электромобилдерди кубаттаган станцияларды орноткон ишкерлер мэриянын чектөөсүнө кабылып жатканын айтып даттанууда. Алардын айтымында, мындай станцияларды курууга талап жогору экенине карабай мэрия уруксат бербей жатат. Калаа бийлиги бул чектөөлөр убактылуу экенин билдирүүдө.
Умуганда - Руандада 32 жыл мурун болгон геноциддин кесепеттерин жоюп, жүз миңдеген киши өлгөн ал кандуу окуялардан коомду айыктырууга салым кошчу аракеттердин бири. Руанда тилинен которгондо Умуганда — коомго кызмат кылуу деген эле сөз.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кампусун кесип өтчү жаңы жолду ачууну көздөгөн Бишкек мэриясынын демилгеси кызуу талкууга түштү. Мэриянын мындай демилгесине университеттин студенттери, бүтүрүүчүлөрү, айрым шаар тургундары каршы чыгууда.
Кыргызстанда кургакчылык, сугат суунун тартыштыгы дыйкандардын негизги көйгөйүнө айланды. Изилдөөлөргө ылайык, климаттык оош-кыйыштын кесепети ириде айыл чарбасына тиет. Адистер мындан улам келечекте азык-түлүк жана суу коопсуздугуна байланыштуу курч маселер жаралышы ыктымалдыгын эскертишет.
Дагы жүктөңүз