Нургазы: Эми такыр мектептен калбайм
Кочкор районундагы Ак-Учук айылынын тургуну Жакшылык уулу Нургазынын апасы былтыр “Азаттыкка” жардам сурап кайрылган. Кабарчыбыз Нургазы менен жолукканда ал квадроцикл сатып алуу кыялын билдирген. Анткени ал өз алдынча баса албагандыктан 9-класска чейин иниси Дастан мектепке арабада сүйрөп барып, сүйрөп келчү. Эми майып окуучу ошол көксөгөн тилегине жетип отурат. Нургазыга “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду демөөрчү таап, кыялындагы квадроциклди сатып берди. Нургазы быйыл сентябрдан бери мектепке бара албай жүргөн, эми квадроцикл менен өз алдынча бара алат.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 25, 2024
"Маселе маектен кийин чечилди". "Азаттыктын" каарманы үйлүү болду
-
Декабрь 20, 2024
Курултай: Экологияны коргоо, жаштарды колдоо, мектеп, бала бакча
-
Декабрь 19, 2024
Мамлекеттик ипотека: Батир үчүн кезекти ким көзөмөлдөйт?
-
Декабрь 18, 2024
"Бейтаптар батпай калды". Аксыда балдар арасында сарык жайылууда
-
Декабрь 13, 2024
Ош шаарында жаңы жол салуу үчүн 28 үй сүрдүрүлөт