Мурдагы "Ысык-Көл" кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы борбордук мечиттин курулушу дагы эки жылда бүтөт. Учурда дубалдары, мунаралары курулуп бүттү. Эми ички жасалгалары башталат. Мечит курулушуна кетчү 25 млн. доллардын 70 пайызы Түркиянын дин иштери боюнча мекемеси көтөрөт. Мечитке бир учурда 10 миңден ашык киши батат жана Борбор Азия боюнча эң ири мечиттердин катарына кирет.
Мунарасы көтөрүлгөн борбордук мечит

1

2
Жаңы курулуп жаткан Кыргызстандын борбордук мечити Түркиянын борбору Анкарадагы Кожатепе мечитине окшош болот.

3

4
Мечиттин жер төлөсүн кошкондо бир убакта 10 миң киши намаз окуй алат.

5
Мечиттин узуну 100, туурасы 50 метр. Бишкек мэриясы бул үчүн 3,26 га жер бөлүп берген.

6
Буга чейинки курулуш иштерине 10 млн. долларга жакын каражат кеткен. Курулуш бүтүш үчүн дагы 15 млн. доллардай сарпталат.

7
Төрт мунарасы бар, ар биринин бийиктиги 65 метрден.

8
Мечиттин негизги архитекторлору түрк жарандары, курулуш иштеринде негизинен жергиликтүү жарандар иштеп жатышат.

9

10
Мечиттин дааратканасы жана башка керектүү имараттардын баары кошо курулат.

11
Мунаранын чокусуна чыгыш үчүн 335 баскычты басып өтүү керек.

12
Мечит Жибек жолу проспекти менен Акматбек Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

13
Мечиттин аймагында 0,5 сотых аянтта жеке даараткана имараты бар. Жеке менчик ээлери аны 25 миң долларга баалап, сунуштаган баага көнбөй келишет.

14
Бул мечит бүтүп калса Борбор Азиядагы ири мечиттердин катарынан орун алат.

15
Мечиттин ички жасалгасын Кожатепеникиндей кылып түрк куруучулары жасашат. Бул үчүн эки жылга жакын убакыт керектелет.

16
Мечиттин пайдубалы 2009-жылы түптөлүп, курулуш иштери 2012-жылы кызуу жанданган.

17
Жер төлө.

18
Сырткы жасалгасы да Кожатепе мечитине куюп койгондой окшош.

19

20
Борбордук мечит Жеңиш аянты жактан караганда ушундай көрүнөт.