Мельбурн университетинде эмгектенген Зарина Австралиядагы жашоо-турмуш, элинин кулк-мүнөзү, ал жактагы кыргыздар жана Австралияга кантип баруунун жолдорун айтып берди.
Зарина Пулей: Австралияга 2007-жылы келдим. Жолдошум Австралиянын жараны. Аны менен 2005-жылы Бишкекте таанышкам. Ал убакка чейин бир нече Европа өлкөлөрүндө иштеп, окуп калгандыктан бул жакка келгенде өтө деле кыйналган жокмун. Тез эле көнүп кеттим. Бул жакта Мельбурн университетинде орус-англис тилдеринен котормочу болуп иштейм. Алгач келгенде бизнес жаатында билим алгам. Андан соң иштей баштадым. Жолдошум, беш жашар уулум болуп ушул эле Мельбурнда турабыз. Мен бул үй-бүлөнүн биринчи жакшылыгы болгондуктан, жаңы келгенде кайын журтум абдан жакшы кабыл алган. Кыргызстанга барып, ата-энемдин алдынан өтүп, кудалык милдеттерин аткарып, кызыңарды алыста таарынтпайбыз деп сөз берип келишкен.
"Азаттык": Австралияда канча кыргыз бар? Негизинен эмне менен алектенишет?
Зарина Пулей: Сиднейде менин угушумча жетимиштей кыргыз бар. Мельбурнда отуздай кыргыз бар. Катташып турабыз. Келип кайра көнө албай кетип калган кыргыздарды да билем. Алардын көбү орто жаштан өтүп калгандар болчу, ошол себептен кыйын болуп, көнө алышкан жок окшойт. Кыргыздардын көбү өз кесиби аркылуу келгендер, бул жакта да өзүнүн адистиктери боюнча иштешет. Маселен, Австралияда программистер, IT тармагында иштеген кыргыздар көп, мектеп, бала бакча, банктарда иштегендер бар. Университетте иштеген кыргыз профессор агайды билем. Айтор, көбү эле жакшы жумуштарда, өз кесиби менен иштешет. Алар алгач кесиби аркылуу интернеттен жумуш таап, компания чакыргандан кийин элчиликке документтерин жиберип, медициналык текшерүүдөн өтүп, визасын алып келгендер.
"Азаттык": Азыр кыргызстандыктардын көбү эле ар кайсы себептерден улам дүйнөнүн ар тарабында жүрүшпөйбү. Албетте, Австралияга барып иштөөнү каалагандар деле болсо керек. Сиз аларга кандай кеңеш бере аласыз, кантип мыйзамдуу жолдор менен кетсе болот? Ал жактан жумуш табуу канчалык оор?
Зарина Пулей: Фейсбуктан мени Австралияда жашаганымды көргөндөр кат жазып, ушундай суроолорду көп беришет. Өзүм билген жолдорду айтам жана анын бардыгы элчилик аркылуу гана ишке ашуусу зарыл экенин эскертем. Биз Москвадагы Австралиянын элчилиги аркылуу гана келе алабыз. Кээ бирөөлөрдүн айтымында, Бишкекте атайын Австралияга жиберчү фирма бар экен. Ал жакта "беш ай окутуп, сертификат берет экен, ошону менен барып эле иштей берсе болобу?" деп сурашат. Мен кайсы окуу жай же борбор жөнүндө сөз болуп жатканын билбейм. Бирок үч-беш айлык курсту бүтүп алып эле бул жактан жумуш таап кетем деген болбойт. Албетте, жогорку билими болсо, тажрыйбасы жана өз ишинде мыкты адис болсо жана англис тилин мыкты билсе сөзсүз жумуш таба алат. Ошондой курстарга ишенип алып, акчасын коротуп, анан бул жактан дароо иш таап жыргап кетем деген бул жаңылыштык. Маселен, тейлөө тармагында иштеш үчүн деле тажрыйба жана квалификация керек. Австралияда тейлөө тармагында индустар көп иштешет. Акырындан иштеп, тажрыйба топтоп, бутуна туруп кеткендер көп, чоң аракетти, анан убакытты талап кылат. Негизи Австралияда жумушсуздук көйгөйү жок. Негизи эле учурдун талабы менен жүрүү керек го. Тил үйрөнүп, жаңы заманбап техногияларды өздөштүрүп дегендей.
"Азаттык": Сиздин оюңуз боюнча, австралиялыктардан кыргыз эли кандай үлгү алса болот?
Зарина Пулей: Австралияны “бактылуу өлкө” деп коюшат. Анткени бардык нерсени өздөрү чыгарат. Жашоо шарты аябай жакшы, бул жакта мал чарбачылык абдан өнүккөн. Кой чарбалары көп. Кыргызстанда деле элдин баары Бишкекке же болбосо чет өлкөгө качпай, айылдарда багбанчылык, мал чарбачылык менен алектенип, иштешсе жакшы болмок деп ойлойм.
"Азаттык": Австралиялыктардын мүнөзү кандай? Эмнеси жагат, эмнеси жакпайт?
Зарина Пулей: Этти чала бышырып (стейк), каны менен жегенди жакшы көрүшөт. Башында ошонусун өтө көп жактырбай, көнө албай жүрдүм. Эми азыр көнүп калдым, өзүм деле үйдөн стейкти каны менен жасайм. Эли абдан сыйчыл. Башка өлкөлөрдөн алыс жайгашкандыктан башка элдердин нарк-насилдерине абдан кызыгышат. Саякаттаганды жакшы көрүшөт. Ар түрдүү улуттан турат. Австралиялыктардын өздөрү калктын көп болсо кырк пайызын түзөт. Калгандары Кытай, Индия, Вьетнам жана башка Европа өлкөлөрүнөн чогулгандар.