Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Грецияны таң калтырган кыргыз жигит


Эл аралык басма сөзгө баяндама (6-13-апрель).

Узаган аптада Грециянын басма сөзү жана телеканалдары премьер-министр Алексис Ципрастын Москвага болгон иш сапары учурунда грек тилинде эркин сүйлөп, суроо узаткан кыргыз жигити тууралуу жазып чыгып, окурмандардын талкуусун жаратты.

Greekreporter онлайн басылмасында Москва эл аралык институтунун студенти Медет Уланбек Грециянын өкмөт башчысына грекче суроо узатып, отургандарды таң калтырганын баяндайт.

Уланбек Алексис Ципраска Кыргызстандан Москвага барып, грек тилин өздөштүрүп жаткан алгачкы студент экенин айтып, окуусун аяктаганда дипломат болуп, Греция менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүргүсү келээрин билдирген. Ал грек өкмөт башчысына:

Греция менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык качан башталат?”, - деп кайрылганда Алексис Ципрас таң калганын жашыра албай: “Сен грек тилинде мынчалык эркин сүйлөгөндөн кийин мен сага эки өлкөнүн дипломатиялык ымаласын жакшыртарыңа ишенүү менен, эгер биз дипөкүлчүлүк ачып калсак, сен Грециянын Кыргызстандагы алгачкы консулу болосуң деп убада бере алам”, - деди.

Америкада Фетхуллах Гүлен сыйланды

Американын Атланта шаарында түркиялык диниятчы Фетхуллах Гүленге эл аралык Gandhi King Ikeda Peace аттуу тынчтык сыйлыгы ыйгарылды деп кабарлайт Today Zaman гезити.

Аталган сыйлыкка мурда Нельсон Мандела, Десмонд Туту жана Михаил Горбачев сыяктуу саясий ишмерлер татыктуу болгон эле. Бирок Гүлен сыйлыкты тапшырууга арналган аземге барган жок.

Мартин Лютер Кинг аттуу эл аралык уюмдун өкүлү Лоуренс Картер бул сыйлыктын биринчи жолу мусулман адамга берилип жатканын баса белгиледи.

Чикаго университетинин теолог-окумуштуусу Скотт Александр Гүлен баштаган кыймылды жогору баалап, айрыкча акыркы мезгилде Фетхуллах Гүлен "Ислам мамлекети" террордук уюмун сындаган макалалары менен дүйнөдө тынчтыкты орнотууга салым кошконун белгиледи.

Рим Папасы кумса элчини кабыл албай койду

Франциянын Ватиканга жиберилген элчиси, 54 жаштагы Лаурент Стефанини январь айынан бери Рим Папасынын кабыл алуусуна кире албай убара деп жазат The Telegraph гезити.

Париждеги расмийлер Ватикан элчинин ыйгарым укугун таанып-тааныбаганын билдиргиси келбей жатканын айтууда. Ал эми француз медиасы элчи Стефанини кумса болгондон улам Рим Папасы кабылдабай жатат деп жазып чыкты.

Le Journal du Dimanche басылмасы элчини Рим Папасы кумсалыгынан улам көргүсү келбейт десе, Liberation гезити: “Ватикандын кумсаларды оолактатуусу айрыкча, Францис Папа бийликке келгенден бери күчөй баштады”, - дейт.

2007-жылы да Франциянын бийлиги Ватиканга кумса элчи жиберип, анын ыйгарым укугун Рим Папасы таптакыр тааныбай, кабыл албай койгон эле.

Кытай бийлигин 10 миллион студент коргойт

Кытай бийлиги Коммунисттик партиянын жаштар канатына кирген 10 миллиондой студентти интернетте позитивдүү маанай жаратуу үчүн, тагыраагы азыркы бийликти социалдык тармактарда үгүттөө максатында иштеткени турат деп жазат The Washington Post гезити.

Кытайда азыр 650 миллион киши интернет колдонот. Алардын ичинен бир нече миллиону азыркы бийликке каршы оппозициялык маанайдагы пикирлерди жазууда. Жакында эле расмийлер өлкөдөгү маалымат айдыңында агартуу иштерин жүргүзүү үчүн 10 миллиондон ашуун студентти ыктыярдуу топко кирүүгө чакырган.

Бул өлкөдө өкмөткө ишенбеген көз караштарды чагылдыруунун жалгыз жолу азыр социалдык тармактар болууда. Андыктан бийлик эми жаштардын көмөгү менен бул тармакты да колго алуунун жолун тапкандай деп жазат The Washington Post.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG