Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:48

"Шабдан баатыр" оңдолгон сценарий менен тартылат


"Курманжан Датка" тасмасын тартуу учуру
"Курманжан Датка" тасмасын тартуу учуру

Бир катар талаш-тартыштардан кийин Шабдан баатыр жөнүндөгү тасманы тартуу чечими кабыл алынды. Бирок айрым окумуштуулар каршы пикирлеринен кайтышкан жок. Тасманы каржылоону өкмөт мойнуна алган.

Режиссерлор тарыхчыларды “кино искусствосун түшүнбөйт” деп күнөөлөп жатса, тарыхчылар, тескерисинче, кино тартуучуларды “тарых чындыгын бурмалашууда” деп келатышат.

“Шабдан баатыр” тасмасын тартуу демилгесин тарыхый инсандын 175 жылдыгына карата өткөн кечеде ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев көтөрүп чыккан. Аз өтпөй аталган тарыхый тасманы тартуу режиссер Эрнест Абдыжапаров баштаган чыгармачыл топко жүктөлгөнү, тасма 2015 - 2016-жылдары тартылып бүтөрү кабарланган. Бирок ал ортодо аталган тасманын сценарийи айрым илимпоздордун талаш-тартышын жаратып, ал айлап созулуп кетти.

Алты жолу өзгөргөн сценарий

Жакында талаш жараткан сценарийдин алтынчы жолу оңдолгон варианты кабыл алынды. “Шабдан баатыр” тасмасынын тарыхый кеңешчиси Аскар Беделбаевдин билдиргенине караганда, кабыл алынган сценарийде буга чейин тарыхчылар тарабынан айтылып келген улуттук биримдикке зыянын тийгизе турган эпизоддор алынып салынды:

- Акыры бардык тарабынан ушул алтынчы вариантка токтолдук. Ал киночулардын көркөм кеңешинен өттү. Кошумча бүтүмдү Улуттук илимдер академиясы да берди. Азыр сценарийде эч кандай элдин биримдигине зыянын тийгизе турган эпизоддор жок. Мурда бар болчу. Азыр анын баары алынып салынды.

Беделбаев сценарийдеги талаштуу маселелердин эң негизгилери тарыхый тактык, аймактык жана уруу-уруулардын ортосундагы мамилелерге, ошондой эле жалпы улуттук намыска тиешелүү жагдайлар болуп келгенин кошумчалады.

"Шабдан баатыр" тасмасын талкуулоо учурунан бир көрүнүш
"Шабдан баатыр" тасмасын талкуулоо учурунан бир көрүнүш

Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы сценарийдин тегерегинде болуп келген талкууларга башынан аягына чейин катышканын айтып, ага да ушул акыркы вариант жагып турганын билдирди. Бирок маектешибиз каражаттын тартыштыгынан улам бул сценарийге Шабдан баатырдын өмүрүндөгү айрым тарыхый фактылар кирбей калганына кападар:

- Мени чынында сценарийге айрым орчундуу сценалар кирбей калганы өкүндүрөт. Себеби ал эпизоддорду тартуу аябай кымбат болуп кетет экен. Мисалы, Шабдан баатырдын Москвага, Санк-Петербургга барганы, ажыга баратканда Стамбулга токтогон кездери тартылбай, жөн гана сөз менен айтылат. Ал сюжеттерди ошол өлкөлөргө барып тартууга туура келет эле. Сценарийде калган жагынан айып деле жок.

Тарыхчылар өз пикиринен кайта элек

Анткен менен айрым тарыхчылар сценарийдин акыркы вариантына да макул эмес экен. Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айтуусунда, сценарийдин акыркы варианты нааразы тараптын пикирин эске албай бекитилип калды.

Кыяс Молдокасымов
Кыяс Молдокасымов

- Тарыхты түшүнбөгөндөр акырына чейин түшүнбөйт экен. Бир топ жерлери оңдолгону менен, айрым жерлери дагы деле чалмакей бойдон турат. Элдин нааразычылыгын жарата турган сюжеттер дагы деле сакталып калды. Өткөндө Тайлак баатырдын урпактары келип, Тайлак баатырдын урпагы Осмон датка менен Шабдан баатырдын жекеме-жекеге чыгып сайышкан жерин таптакыр жактырган жок. Алар эгер көркөм тасма ушул боюнча чыгып кетсе, анда биз ага баары бир каршы чыгабыз деп кетишти.

Фильмди тартуу иши жүктөлгөн режиссер Эрнест Абдыжапаровдун чыгармачыл тобу бүгүнкү күндө башка долбоорлор менен иштеп жатат. Тасманын экинчи режиссеру Сүйүмкан Сулайманованын айтуусунда, сценарийдин тегерегинде узак убакытка чейин жүргөн талаш-тартыш чыгармачыл топтун ишин үзгүлтүккө учуратты:

- Кийимдердин эскизи көркөм кеңештен өткөндөн кийин аны тиктиргенге акча, убакыт керек да. Анын баары өз убагында болбой калгандан кийин иш ошол боюнча токтоп калган. Негизинен биздин эч кандай саясый, коммерциялык максаттарды көздөбөгөн жакшы тасма тартуучу тобубуз бар эле. Фильмди тартуу токтоп калганда баарыбызды таратып ийишкен. Азыр алар ар кандай долбоорлордо иштеп жүрүшөт. Эми ал команданы кайра чогултушка туура келет.

Сүйүмкан Сулайманова “Шабдан баатыр” тасмасын тартуу боюнча актерлорго кароо-сынак аяктап, ролдорду ойноочулар тандалып, атургай декорация, кооздоо иштери жаз айларында эле бүткөнүн айтты.

Шабдан баатыр
Шабдан баатыр

Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы тасма тартуунун эң башкы максаты - тарыхый инсанга кайрылуу аркылуу көрүүчүлөрдү мекенчилдикке шыктандырып, улуттук маданиятка, мамлекеттик идеологияга салым кошуу экенин белгиледи. Бирок мындан кийинки иш режиссердун чеберчилигине байланыштуу болот дейт ал:

- Эми баары режиссердун, аталган тасманы жарата турган чыгармачыл топтун колунда. Бир эле сөздү жакшы кылып да, жаман кылып да койсо болот. Шабдан баатырдын ар бир сөзүн, ар бир кыймылын кандай кылып чечмелейт ал режиссердун чеберчилигине байланыштуу. Азырынча тасма тууралуу эч нерсе айтканга болбойт.

Жаңыл Абдылдабек кызы “Курманжан датка”, “Шабдан баатыр” сыяктуу тарыхый тасмалар кыргыз маданиятына өзүнүн ар тараптуу салымын кошот деген пикирде. Мындан мамлекет эч качан уттурбайт дейт ал.

“Шабдан баатыр” тасмасын тартууга өлкө казынасынан 80 миллион сом сарпталары айтылган. Анын 10 миллион сому буга чейин бөлүнүп берилген.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG