Москва шаарында кычыраган кыш. Кышкы суук менен бирге Орусияда жумушсуздук көйгөйү күч алууда.
2014-жылкы санкциялар жана рублдин кунунун кетиши Орусиядагы жумушсуздук көйгөйүн күчөттү. Мамлекеттик статкомиттетин билдирүүсү боюнча өткөн жылдын октябрь айында өлкө боюнча жумушсуздардын саны 151 миң адамга көбөйүп, 3,8 миллиондон ашкан.
Эксперттердин айтымында, 2015-жылы бул көрсөткүч бир кыйла жогору болмокчу. Биринчи кезекте бул көрүнүш көпчүлүк мигранттар эмгектенген курулуш, ресторандык ишкердик, соода-сатык тармактарына тескери таасирин тийгизүүдө.
Кыргызстандык Бактыгул Жумаева учурда Москвада жумушсуз калгандардын бири. Ал жумуштан кыскартылганы тууралуу жаңы жылдык эс алуудан кайтып келгенде билген.
- Москвага келгениме сегиз жыл болду. Акыркы үч жылдан бери жеке ишканада ашпозчу болуп иштечүмүн. Санкциялардын азабынан жумуштан кыскартылып калдым. Фирмабыз жабылып калды. Кытай, Италия жана башка жактардан Москвага балык азыктарын алып келчү. Азыркы абал аябай эле оор. Көп жеке ишканалар жабылып, жумуш табыш кыйын болуп калды.
Кийинки каарманыбыз Нуржамал Нурдинованын жаңы жумуш табууга 15 күн убактысы бар. Учурда иштеп жаткан ишинен кыскартылып жатканы тууралуу ага алдын ала эскертилген.
- Мейманканада адам жоктугуна байланыштуу 1-февралга чейин иштейсиң, андан кийин жумуш караштыр деп айтышты. Мени менен чогуу иштеген бир кыргыз эже бар болчу. Ал эжеге кечээ айтышыптыр, бүгүн акыркы күн иштейсиң, анан болду деп. Ал эже иштен кетти.
Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров мындай көйгөй курулуш тармагында дагы кеңири кулач жайып бара жаткандыгын айтты.
- Бул көрүнүш бир гана биздин мигранттар менен болуп жаткан жок. Орусия өлкөсүндө кризис болуп жатпайбы. Көпчүлүк ишканалардын иши кыскарып, кээ бирлери жабылып калганынан мигранттар жапа чегүүдө. Бул нерсе өзгөчө курулуш тармагы, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармагында өзгөчө байкалууда. Орусиянын президенти айтып жатпайбы, дагы эки жылга чейин кризис созулат деп. Эми эки жылга чейин ар бир үй-бүлөнүн өз пландары болот. Биздин мигранттарды башка өлкөлөрдө иштөө мүмкүнчүлүгүн карап көрсө деген ойду айтат элем.
Москвалык эксперт жана экономика илимдеринин доктору Сергей Смирновдун айтымында, тегиз жумушсуздук каптайт деп күтүү туура эмес. Бирок айрым тармактарга кооптуу болушу мүмкүн. “Пессимисттик прогноздор ишке ашса, мамлекет мигранттардын агымын кыскартуу боюнча аракеттерди жасаары түшүнүктүү”, - дейт серепчи.
- Эгерде эмгек рыногундагы кырдаал бир кыйла кооптуу болуп кетсе, албетте, чет элдик жумушчулар иштен бошотууга башкы талапкерлер. Орусия Федерациясынын учурдагы бийлигинин популисттик көз караштарын эске алуу менен алар биринчи кезекте улуттук эмгек рыногун коргоого аракет кылышат деп айтууга болот. Алардын мындай кылууга толук укуктары бар. Ал эми кандай чаралар колдонулуп, кандай жыйынтыктарга алып келээри башка суроо. Менин оюм боюнча, кабыл алынган чечимдер “айбалта менен чапкандай эмес”, туура таразаланган болушу керек.
Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин прогноздору боюнча өлкөдөгү жумушсуздук 2015-жылы 5,5 пайыздан 6,4 пайызга чейин өсөт.
Рублдин кунунун кулашы жана азык-түлүк, башка товарлардын кымбатташы менен ансыз да тапкан кирешелери бир кыйла азайган Орусиядагы эмгек мигранттары эми жумуштагы кыскартуу коркунучуна туш болууда.
Өлкөдөгү финансылык абалдан улам ишканалардагы аргасыз кыскартууларга дал ушул чет элдик жумушчулар биринчи кезекте кабылып жатканын биздин чакан иликтөөбүз көргөздү.