Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Миграция борборундагы чарчаган көздөр


Сахароводогу борборго күнүнө 2,5-3 миң жаран кайрылат
Сахароводогу борборго күнүнө 2,5-3 миң жаран кайрылат

Өткөн аптада Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жиберип, Сахарово айылындагы миграциялык борбордо түзүлгөн кырдаалды оңдоого чакырган.

Айтылган сын-пикирлерден кийин чет элдик жарандарды тейлеген миграциялык борбордогу абал кандай өзгөргөнүн көрүү максатында Сахароводогу борборго Москвадагы кыргыз элчилиги уюштурган сапарга кыргызстандык журналисттер менен чогуу “Азаттыктын” кабарчысы да барып, патент алууга документ тапшырып жүргөн мигранттардын ал-акыбалын сурап келди.

Москвадан 65 чакырым алыс жайгашкан миграциялык борборго күндүзгү саат 11 чамасында кирип бардык. Беш журналист жана элчиликтин өкүлүнөн турган топ жарандарды кабыл алуучу бөлүмгө келдик. Ал жерде патентке документ чогултууну баштоого талон алуу үчүн бир жарым миңден ашуун адам кезекте туруптур.

Миграциялык борбордун кире бериши
Миграциялык борбордун кире бериши

Алардын арасынан Алмазбек Момуновду кезиктирдик. Алмазбек жаңы борборго биринчи жолу келген. Таң атпай келип, орус тил менен тарыхтан тестти ийгиликтүү тапшырып, эми медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн кезекте туруптур.

- Жалпысынан 14 жарым миң акча кетерин айтышты. Жол акысы - такси менен келип-кеткенге дагы миңдей кетет окшойт. Анан бул бир эле жолкусу менен бүтүп калбайт экен, 2-3 жолу келесиң. Азыр бул жерде медкомиссия, андан өткөндөн кийин бардык документтерди чогултуп, кайра бул жерге келип тапшырат экенсиң. Орус тилден жакшы өттүм. 20 суроо болду эле, бир эле суроого жооп бере албай калдым. Эртең менен үйдөн 5те чыккам, бул жерге 9да келдим.

"Акчаң болсо, кезексиз киресиң"

Орус тилден тест тапшыруучу жана медициналык текшерүүдөн өтүүчү бөлүмдөрдөн кыргызстандык жарандарды жолуктурган жокпуз. Андан ары патентке документ кабыл алуучу бөлүмгө баш багып, катарда турган Төлөгөн Конокбаевди кепке тарттык. Бир топ акчасын, убактысын короткон Төлөгөн чарчагандай көрүнөт.

- Шарт жок, минтип кезекте турабыз, кыйналып... Кезек алыш үчүн бир күн келип турабыз, экинчи күнү тапшырабыз. Дагы эми канча келерибизди ким билет?! 2-3 саат суукта турасың. Мен 15 миңге жакын акча короттум.

Ушул эле кезектин аягында турган Айчүрөк Салиевага кайрылдык. Айчүрөк "буюрса ишим бүтүп калды" деп, болгон күчүн топтоп, өзүн жооткотуп турган экен.

- Орус тил боюнча өтүш оңой эле. Болгону ал жерде кезек көп. Мен аябай узак турдум. Эртең менен саат 6да баргам, 3тө эс-учумду жоготуп, жыгылганда гана кирдим. Тамак ичпей, эч жакка жылбай тура бересиң. Ал жерде акча бергендерди кезексиз киргизип жатышты, акча бербегендер тура бердик. Аябай кыйналдым.

Күттүргөн СМС, байма-бай убадалар...

Жоон топту аралап өтүп, акыры патент берилчү жерге кирдик. Патент алып жаткан жердештерди кезиктире алган жокпуз. Бирок ал жерден жаңы патентин колуна алса дагы, ар бир терезеге кайрылып жүргөн Ынтызар Мамашарипованы кездештирдик. Ал январда документтерин тапшырып, патентти жакында эле алган. Эми жумушка орношоюн деп барса, жаңы патентин жаратпай коюшкан экен.

Документ тапшыруу үчүн кезекке тургандар
Документ тапшыруу үчүн кезекке тургандар

- Январда документ тапшыргам. 10 күндүн ичинде СМС келет дешкен. СМС келбегенинен чыдабай өзүм келдим. Жумушка орношуш керек да. Келсем, “СМС барганда кел” деп кетирип жиберишти. Андан 2 күндөн кийин патентимди алып кеттим. Эми жумушка орношоюн деп барсам, патентимде “работа у физических лиц” деп жазылган экен. Бул менин ишканама өтпөйт экен, эми мени кабыл албай жатат. Мени албай жатат десем, “кайра келсең, анан беребиз” деп жатышат. Бул алыскы жер болсо, биз өзүбүз зорго тиричилик кылып жүрсөк, ар бир келип-кеткенибиз 400-500 рубл болуп жатат. Эми азыр патентти алардын алдында 4 миңден төлөгөнбүз. Анын мөөнөтү өтүп баратат. Мен иштебесем, анан мен кийинки 4 миңди кантип төлөйм?! Батирдин акысы, жеп-ичкенибиз жана жол киребиз бар...

Мигранттардын ал-акыбалын сурагандан кийин миграциялык борбордун жетекчилиги менен жолугушууга бардык. «Учурда мигранттардын агымын жөнгө салууга аракет кылып жатабыз. Күнүнө 2,5-3 миң жаран кайрылууда, алардын 70 пайызы тейленет. Азыр борборду кеңейтип, көбүрөөк мигрантты тейлөөгө аракеттенүүдөбүз», - деди журналисттерге көп функционалдуу миграция борборунун башкы директорунун орун басары Андрей Краснов.

- Азыр мигранттардын жалпы агымынын 3 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт. Элдер документ тапшырып, жаңы патент алып жатышат. Патенттер Орусиянын мыйзамдарына ылайык 10 күндүн ичинде берилүүдө. Эл көп. Медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча маселелер бар. Биздеги медициналык борбор чакан, күнүнө 250 адамды гана тейлей алат. Бирок марттын аягына чейин биз медициналык борбор менен тестирлөө бөлүмдөрүн кеңейтебиз. Бир жума мурун биз адамдарды алдын-ала кезекке жазууга мажбур болгонбуз. Биз адамдардын агымын жөнгө салууга аракет кылганбыз. Анткени көйгөй бар. Борбор эртең мененки 8ден кечки сегизге чейин иштегенине карабастан, мигранттардын баары эртең менен эрте келишет. Азырынча бул агымды жөнгө сала алган жокпуз. Ошондуктан борбордун тейлөө жөндөмдүүлүгүнө карабай, эртең менен баары бир чоң кезек болуп жатат…

Сахароводогу миграциялык борбор, 17.02.2015

Сахароводогу миграциялык борбор ушул жылдын 12-январында ишке кирген. Борбор Москва шаарынын өкмөтү тарабынан түзүлгөн. Чет элдик мигранттарга көрсөткөн кызматы үчүн жылына 1 млрд. 200 миң рублдан ашуун киреше алууну пландаштырууда. Учурда бул тейлөө кызматтарына ар бир мигранттан 3 жарым миң рубл төлөм алынат.

Борборго сапар учурунда кароолдо турган иттерди көргөнүбүз жок. Борбордун жетекчилери Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин сын-пикирлерин угушкан окшойт. Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык нотага дагы деле расмий түрдө жооп бере элек.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG