Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:19

Аланьяда алданган кыргыз студенттери


"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.
"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.

Бишкектин айрым студенттери жайкы каникулда Түркияга иштегени барып, кордукка кабылганын айтып чыгышты.

Кордукка кабылдым дегендердин бири Бишкек гуманитардык университетинин 2-курсунун студенти Айпери Даниярова. Ал өзүнүн достору менен ушул жылдын 11-июлунда Түркиянын Аланья шаарына иштегени барып, иш берүүчүлөрдөн кордук көргөн. Айперинин айтымында, Кыргызстандын ар кайсы жогорку окуу жайларынан 30га жакын студент Festline аттуу ортомчу компанияга алданып, 3 ай бою иштеп жол киресин араң тапкан да Кыргызстанга качып келишкен.

Айпери Аланьядагы жашоонун катаал шарттарын мындайча сүрөттөдү:

- Бир бөлмөдө үч, экинчисинде беш кыз жашадык. Сегиз кыз бир душту пайдаландык. Барарыбыз менен паспортторубузду алып коюшту. Бизди качып кетпесин дештиби, айтор паспортубузду айлык аларда эле алчубуз. Эгер документти дароо кайтарып бербесек 20 доллар айып пул салышат. Душка кирип кетип, телефонду албай калсак 25 доллар айып пул алышчу. Кыскасы ар кайсы шылтоо менен кармап отуруп 300 доллардын тегерегинде айлык беришет. Негизи бизге 400-500 доллар төлөп беребиз дешкен.

Улутунуп алып сөзүн улаган Айпери иш берүүчүлөр 24 саат тамак да, уйку да бербей иштеткенин айтып кейип алды. Festline бул жактан студенттерге орусча билсеңер эле иштей бересиңер деген экен. Бирок түркчө билбеген студенттер орусча билбеген түрк айдоочулар менен тил табыша албай жолдо калган күндөр да болгон дейт каарманыбыз. Мына ушундай кыйноолордон улам студенттердин айрымдары психикалык ооруга чалдыккан.

- Бизде камсыздандыруу деген жок болчу. Бирок компания ар бирибизден камсыздандырууга деп 60 доллардан алган. Визага, билетке деп отуруп ар бирибиз 860 доллардан чогултуп бергенбиз. Данияр деген бала авариядан башы жарылып, биз менен Кыргызстанга араң учуп келди. Азыр ооруканада дарыланып жатат. Дагы бир Айжан деген кыз жинди болуп калды аягында. Жаздыкты кармап алып ыйлай бечү. Чатырдан секирип өлөм деген күндөрү да болду. Түрк айдоочулар “мени менен жат, акча берем” деп шылдыңдап да жүрүштү.

Башынан оор күндөрдү өткөргөн Айпери Түркиядан кордукка кабылган студенттер жаңы гана келип жатканын айтып, тиешелүү органдарга кайрыла электигин кошумчалады. Алар Festline тууралуу БГУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Таласбек Машраповдун өзүнөн угушкан. Айпери Даниярова аталган компания менен окуу жайдын ортосунда келишим бар экенин декан өзү айтканын жүйө келтирди.

Биз Айпери айткан Festline компаниясы жайгашкан дарекке барып, кызматкерлерин таба алган жокпуз. Аталган компаниянын кеңсесинде “Түркияга студенттерди жумушка чакырабыз” деген жарыяны көзүбүз чалып, жарыядагы телефон боюнча чалганыбызда атын атагысы келбеген кызматкер буларды билдирди:

- Биздин лицензиябыз бар. Элчиликтен аккредитациядан өткөнбүз. Биздин ишибиздин баары мыйзамдуу. Телефон аркылуу эч кандай маалымат бербейбиз.

Festline компаниясы расмий түрдө эч кандай каттоодон өтпөгөндүгүн Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы жарандарды ишке орноштуруу борборунун башкы адиси Каныбек Жайнаков “Азаттыкка” тастыктады. Аталган компания тууралуу Билим берүү министрлигинен да эч кандай маалымат ала алган жокпуз.

Рахат Кубанычбек кызы Бишкектеги ЖОЖдордун биринде окуйт. Ал жарыя аркылуу Festline программасы жөнүндө билип, тапшырайын деген оюнан кайтып жатканын билдирди:

- Festline программасы тууралуу Билим берүү министрлигинен эч кандай маалымат таба алган жокмун. Бирок алар сүйлөшүүгө барганда аталган министрлик менен келишимибиз бар деп ишендиришкен. Бирок эч кандай келишим жок экен. Ошондон кийин шек санап лицензияңарды көрсөткүлөчү десем, анда эмне келдиң деп кыйкырышты.

Рахат Festline тууралуу маалыматтарды ар кайсы жактан сураштырып, интернет аркылуу жарыялап баштагандан кийин окуу жайлардагы аталган программанын жарыялары алынып салынганын кошумчалады.

БГУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Таласбек Машрапов аталган окуу жайдын Festline менен эч кандай келишими жок экенине ишендирүүдө. Бирок Машрапов аталган программа аркылуу аталган окуу жайдын студенттери Түркияда иштеп келип жатканын танбайт:

- Биз аркылуу кеткен студенттердин баары аман-эсен келишкен. А тигилер болсо өздөрү кетип калган студенттер болушу керек. Жайында студенттер каалаган жагына кете берет да. Мен ал компания жөнүндө билбейт экенмин. Менин билишимче, алар Билим берүү министрлигинен каттоодон өтүп жатышат болуш керек. Өздөрүнөн сурагылачы...

Студенттердин айтымында, Аланьяга Festline программасы аркылуу 30га жакын студент жумуш издеп барган. Акыркы болуп барган студенттер 11-июлдан 5-октябрга чейин иштешкен.

XS
SM
MD
LG