Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:55

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан беттешине даярдык кызуу


Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоо иштерине өкмөт 8 млн. сом бөлгөн.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоо иштерине өкмөт 8 млн. сом бөлгөн.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында 8-октябрда Тажикстандын, 13-октябрда Бангладештин улуттук курама командалары менен Бишкекте беттешет.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо боло турган 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарында коомдук тартипти 3500ден ашуун милиция көзөмөлдөйт. Аларга миңге жакын жоокер көмөктөшүп, стадиондун тегереги үч жерден курчалат. Биринчиси - стадиондун тегереги, андан кийин стадионго эл кире турган аймактар жана Чүй - Тоголок Молдо, Фрунзе - Панфилов жана Тоголок Молдо - Фрунзе көчөлөрү менен кесилишкен аймактар тосулат.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Турсунбек Чаловдун айтымында, стадионго канатташ жогоруда аталган көчөлөр оюн болор күнү саат 13:00дөн баштап курчалып, билетсиз адамдар өткөрүлбөйт.

- Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө кылдат даярдык көрдүк. Билетсиз адамдар сырткы көчөлөрдөн эле киргизилбейт. Стадиондун аймактарындагы күзөттө тургандар билеттер боюнча кайсы сектор кайсы аймакта жайгашкандыгы тууралуу толук маалымат алышкан.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун дубалдары үч жарым метрге чейин бийиктетилди. 6-октябрь, 2015-ж.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун дубалдары үч жарым метрге чейин бийиктетилди. 6-октябрь, 2015-ж.

Ушул жылы 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешкенде бир катар кемчиликтерге жол берилип, күйөрмандар, чет элдик коноктор уюштуруучуларга нааразычылыктарын билдиришкен.

Өкмөт башчы Темир Сариев оюн начар уюштурулгандыгы үчүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кадырбек Эргешовго сөгүш берип, Эргешов көп өтпөй кызматтан алынган.

Ошол күнү көрүүчүлөрдүн көптүгүнөн билети барлар оюнга кире албай, кээ бирлери стадиондун дубалынан ашып түшүп, айрымдары күзөтчүлөргө таш ыргытып, оюн чыр-чатактар менен коштолгон. Стадион секторлорунун босогосунда түртүшүүлөрдөн улам күзөтчүлөрдүн тосмосу бузулуп, эл стадиондогу орундуктардан ашыкча кирген эле.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарын өткөрүү үчүн жай бою оңдолуп, бул максатта өкмөт 8 млн. сом бөлгөн. Спорттук курулуштар жана спорттук камсыздоо мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Эдил Касенов оңдоо иштери айтылган сындарды эске алуу менен жүргөнүн белгиледи.

- Абалы начар болуп калган стадион стандартка шайкеш келген абалга жеткирилди. Индиядан комиссар келип, стадиондун оюнга жарактуулугун текшерет. Буюрса, өткөрүп алат деп ишенем. Буга чейин жай айларында спортчулардын, машыктыруучулардын эс алуу бөлмөлөрү, массаж бөлмөсү оңдолгон. Стадион дубалынын айрым бөлүктөрү 3 жарым метрге чейин бийиктетилип, ашып түшүүгө мүмкүн болбой калды. Муну менен кошо уюштуруу иштерине да аралашып, беттешти жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярданып жатабыз.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттешине кирүү үчүн билеттер 3-октябрдан баштап Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында сатылууда. Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиев билеттердин алып сатарлардын колуна өтүп, кымбаттап кетишин алдын алууга аракеттер көрүлгөнүн маалымдады.

- Жалпысынан 18 миңге жакын билет чыгарылды. Анын 30 пайызга жакыны федерация өкүлдөрү, коноктор үчүн калтырылат. Калган 13-14 миңи сатылат. Учурда билеттер 150 сомдон 700 сомго чейин сатылууда. Кыргызстан менен Австралия беттешиндегидей билеттер алып сатарлардын колуна өтүп, кымбаттап кетпеши үчүн бир кишиге бештен эле билет сатып чектөө киргизүүдөбүз. Оюн болгон күнү федерация билеттерди сатпайт.

Кыргызстан жана Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстан жана Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.

Үч жарым ай мурда Бишкекте болгон Кыргызстан-Австралия беттешинен кийин эл аралык футбол федерациясы Кыргызстандын футбол федерациясына үч дисциплинардык айып койгон. Ал айыптар файердин жагылышы, күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыгышы жана стадионго сыйымдуулугунан ашыкча адамдардын киргенине байланыштуу болчу.

Ал жазага ылайык, Футбол федерациясы ФИФАга 28 миң доллар акчалай айып төлөмөй болду.

Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиев жогорудагыдай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн көрүүчүлөрдү маданияттуулукка үндөп, беттешти чыр-чатаксыз, тынч, жогорку деңгээлде өткөрүп алууга көмөктөшүүгө чакырды.

Azattyk.kg сайты оюндун жүрүшүн Коомдук биринчи канал аркылуу түз алып көрсөтөт. Андан сырткары “Азаттык” радиосунун кабарчылары беттешке чейин жана кийин стадиондогу кырдаалды, көрөрмандардын ой-пикирлерин LIVEU форматында ыкчам маалымдап турушат. Оюн кечки саат 8де башталат. Стадион оюнга чейин 2 саат мурда ачылат.

Бул оюндан кийин 13-октябрда кыргыз футболчулары Бангладеш курамасын кабыл алат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG