Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

Жыл тогошкон түндү тооруган кырсыктар


Жаңы жыл түнү өлкөнүн бардык аймактарында негизинен тынч өттү. Бирок өрт, жол кырсыктарына кабылгандар, тамак-аштан, ичкиликтен уулангандар бар.

Былтыркы Жаңы жыл майрамына караганда быйыл Бишкекте Тез жардам кызматына кайрылгандар азыраак болду. 1-январга караган түнү кайрылган 597 кишинин 500гө жакынына дарыгерлер үйүнө барып жардам көрсөтүшкөн. Жаңы жылга оогон түнү 5 жол кырсыгы катталып, андан жети киши жабыркады. Шаар боюнча алты өлүм катталды.

Тез жардам станциясынын башкы дарыгери Айнагүл Шамбетованын белгилешинче, бул түндө кайрылгандар арасында бычак жеп, өз жанынан кечкендер да кездешти.

- Ушул күнү 31 машина, 34 бригада иштеди. Майрам күнү ичкиликтен же тамактан уулангандар болот. Көбүрөөк тамак жеп ашказанына зыян келтиргендер, суук тийген учурлар болду. Оору менен кайрылгандар катталды. Бул түнү беш жол кырсыгы катталып, андан жети киши жабыркады. Криминалдык чакыруулар да кездешет. Бирөө бычак жеп, 28 жаштагы жигит асынып алган. Ал доктурлар барганча эле каза болуп калган.

Бул шаардык Тез жардам кызматына кайралгандар гана. Мындан сырткары түз ооруканага баргандары да бар. Адатта Тез жардам кызматына майрамдан кийин тамактан, арактан уулангандар да көп түшөт. Андыктан тез жардамчылар майрамдан кийин да өзгөчө даярдыкта турушканын кошумчалады.

Жаңы жылдык майрамда көп учурда арак-шарап ичилип, шампан атылат. Андыктан “бөтөлкөнүн түбүнө түшүп”, спирт ичимдигине уулангандар да кездешет. Демейде аракка уулангандар майрам түнү эмес, кийинки эки-үч күндө дарыгерлерге кайрылышат.

Бишкектеги жеке наркологиялык клиниканын директору Шайлообек Өмүралиев аракка уулангандардын алгачкыларын кабыл ала баштаптыр.

- Мына азыр эле бир оорулууну алып келди. Өтө катуу ууланган экен, кыйын акыбалда жатат. Туугандары көзү жалдырап, айласы кетип ыйлап алып келишти. Мисалы бир суткада Тез жардамга 600 адам кайрылса, анын 400дөйү эле аракка байланыштуу болот. Жүрөгү, башы ооруп атат, кыйналып атат дегендин баары эле уулануунун негизинен. Мурда жүрөгү, боору ооруп жүргөндөрдүн бардыгы жаңы жылда шампан ичет дагы оорулары козгойт. Шампандан баштайт дагы анан арак болуп “запойго” түшүп кетишет.

Ал эми Өрткө каршы кызматтан Жаңы жыл түнү 39 өрт кырсыгы катталып, эки адам каза болгонун кабарлашты. Өрт кырсыгынын 14ү жаңы жылдык пиротехникага байланыштуу экенин аталган кызматтын өкүлү Нурлан Ташмамбетов билдирди:

- Эки адам өрттөн каза болду. Негизинен өрт турак-жайларда катталган. Жалпы катталган өрт кырсыгынын 14ү пиротехникаларды колдонууда же ошонун айынан чыккан. Бирок чоң кырсыктар катталган жок.

Өрт кырсыгы Чүйдө эң көп катталды. Жалпы өрттүн 14ү ушул аймакта болгон, 10у Бишкекте.

Ал эми Ички иштер министрлиги Жаңы жылга оогон түн тынч өткөнүн, оор кылмыштар катталбаганын билдирүүдө. Негизинен майрам күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөн. Бул күндөрү Бишкек шаарында жарандардын коопсуздугун сактоого жана коомдук тартипти камсыздоого 2 миңдей милиция кызматкери тартылган.

Жыл тогошкон түндө ордо калаанын борбордук Ала-Тоо аянтынан 50 кубтун тегерегинде таштанды жыйналды. “Тазалык” ишканасынын жетекчисинин орун басары Бектур Гаиповдун айтымында, тазалоо иштерине он атайын машина жана 60тай кызматкер тартылды.

- Биз аянтка барганда эми шумдук экен, баары таштандыга толуп калыптыр. Балдар таңкы төрт жарымга чейин иштеди.

Ошентип майрам күндөрү айрым кызматтар күнү-түнү иштөөдө. Ал эми жаңы жылдын алгачкы күнүндө борбор калаанын көчөлөрү тынч, машине кыймылы аз. Кыргызстандын жылнаамасында 1-январь кызыл менен белгиленген. Бирок мамлекеттик мекемелерде жумуш күнү 8-январда гана башталат. Ортодогу жумуш күндөр кийинки ишемби күндөргө которулган.

XS
SM
MD
LG