Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Жураев: КСДП Сариевдин ишине жоопкер


Эмил Жураев
Эмил Жураев

Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендерге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия премьер-министр Темир Сариевди иштен алуу керек деген тыянак чыгарды. Сариев муну негизсиз саясий чечим деп атоодо.

Ал соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасарын айтты. Өкмөт башчынын жана бийликтин тегерегиндеги суроолорго саясат талдоочу Эмил Жураев жооп берди.

"Азаттык": Өкмөт отставкага кетсе өлкөдөгү саясый абалга, туруктуулукка кандай таасир тийгизиши ыктымал?

Жураев: Азыркы кезде Кыргызстан үчүн бул кырдаал жакшы эмес мезгилге туш келүүдө. Буга чейин өтө кыйын маселелер көтөрүлүп жаткан: Өзбекстан менен чатагыбыз, анын кесепетинен чыккан башка маселелер, экономикалык жактан да кыйын абалда турабыз...

Ушундай кырдаалда жаңы өкмөт түзүү өлкө үчүн оңой эмес.

"Азаттык": Парламенттик демократия жолунда баратабыз деп көп айтабыз. Бирок азыркы көрүнүш, премьер-министр Темир Сариевдин парламентте өз фракциясы, партиясы жоктугу эмнеден кабар берет? Атыбыз башка, затыбыз башка болуп жатабы же парламенттик башкаруудагы өлкө үчүн бул кадыресе эле көрүнүшпү?

Жураев: Бир жагы, парламенттик башкаруу үчүн кадыресе болгону – коалициянын негизинде куралган өкмөттүн, анын ичинде премьер-министрдин келип-кетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок канча мөөнөт берилет, бат-бат алмаштырылып калганы – бул парламентте болгон фракциялар, алардын арасындагы келишимдин күчтүү болбогону.

Бул Кыргызстан үчүн деле, башка мамлекеттердин мисалында карасак деле оорчулук жаратат.

Албетте, Темир Сариевдин өзүнүн партиясы, парламентте фракциясы жок. Мунун өзү бир топ кыйынчылыкты туудурат.

Бирок, башынан эле айтып келаткандай, Сариев өзү эмес, КСДПнын сунушу, жактоосу менен келген премьер-министр. Андыктан ал депутаттардын талашынын ортосунда жалгыз калып калган киши дегенге макул эмесмин.

Бул жерде КСДПнын саясий куйтулугу көрүнүп тургандай... Эгер бул киши мыйзам бузууларга барып, тергөөгө алынса, иштен кетсе КСДПнын жоопкерчилиги кайсы бир деңгээлде толук эмес болуп калат. Себеби ал социал-демократтар партиясынын мүчөсү эмес деген жүйөлөр болушу мүмкүн. Бирок чынында ал ушул партиянын сүрөөсү менен келген премьер-министр.

"Азаттык": Эгер Темир Сариев кызматтан кетсе, анын мындан аркы саясий карьерасы кандай болот эми? Себеби премьерликке киришкенде ал парламенттик шайлоого катышпайт деген шарт менен келди эле. Бирок артында өзү түптөгөн “Ак Шумкар” деген партиясы бар болчу.

Жураев: Буга чейин деле Темир Сариев “бирде төө минип, бирде жөө жүрүп калган” кездери болгон.

Чынында “Ак Шумкар” партиясы эки шайлоодо тең жеңишке жете алган эмес, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан деле жок. Партия катары өлкөдөгү алдыңкы 5-10 саясий уюмдун ичине кирбей калды. Бул анык нерсе.

Демек бул киши мындан ары эгер саясатка катышчу болсо “Ак Шумкар” менен эмес, өз алдынча башка бир стратегиялык кадамдарга барышы ыктымал.

Буга чейин айтылып келаткандай, албетте, Сариевдин президенттик амбициясы бар. Аны ал киши өзү жашырган деле эмес. Жакынкы жылы боло турган ушул шайлоону карап турабыз.

Эгер Сариев азыркы жумушунан ушундай кырдаалда жаманатты болуп кетсе, анда президенттик дымагы деле ташыркап калышы ыктымал болуп турат.

XS
SM
MD
LG