Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:46

Өмүрдү уурдаган убактылуу камак


Убактылуу кармоочу жайларда же акталбай, же соттолбой, чечимди күтүп отуруп, ооруга чалдыккан жүздөгөн адамдар бар экени айтылууда.
Убактылуу кармоочу жайларда же акталбай, же соттолбой, чечимди күтүп отуруп, ооруга чалдыккан жүздөгөн адамдар бар экени айтылууда.

Соттолбой, же акталбай, айлап-жылдап абакта отургандардын тагдыры талкаланууда. Мындан улам Акыйкатчы соттук териштирүүлөрдүн мөөнөтүн аныктоо жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү.

Абакта көз жарган келин

Айнагүл (ысымы өзгөртүлдү) талап-тоноочулукка шектелип, өткөн жылдын август айында камакка алынган. Ошол учурда ал 3 айлык кош бойлуу болчу. Келин алты айдан кийин убактылуу кармоочу жайда көз жарган:

- 16-январда төрөдүм, 18инде эркиндикке чыктым. Кесарево менен төрөдүм, кыйналдым. Баламды карай турган киши жок болчу. Ага чейин айы-күнү жетип калыптыр, үй камагына чыгаралы дешкен жок. Мен жаткан СИЗОдо 140тай аял бар эле. Алардын арасында 8 жылдан бери сот чечимин күтүп отургандар да бар.

Кыргызстандагы аялдар түрмөсүндө баласын көтөрүп турган келин
Кыргызстандагы аялдар түрмөсүндө баласын көтөрүп турган келин

Бул келиндин жактоочусу коомчулукка чуу көтөргөндөн соң гана сот аны жаңы төрөлгөн баласы 14кө толгондон кийин жаза мөөнөтүн өтөсүн деп, эркиндикке чыгарды.

Мындан тышкары Шахида аттуу кыз кылмышка шектелип, 3 жыл убактылуу камакта сот чечимин күтүп отурду. Сот аны өткөн жылы актады. Бирок бул аралыкта жапжаш кыздын тили күрмөөгө келбей, баса албай калган болчу.

Акыйкатчы: Соттук териштирүүнүн мөөнөтү болуш керек

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Шахида сыяктуу, же акталбай, же соттолбой, чечимди күтүп отуруп, ооруга чалдыккан жүздөгөн адамдар бар экенин айтууда. Ошон үчүн ал соттук териштирүүнүн мөөнөтүн так белгилеген мыйзам жазылышы керек деген демилге көтөрүүдө:

- Атуулдардын жарандык жана саясий укуктары боюнча эл аралык келишимде, БУУнун Токио эрежелери деген резолюциясында соттор адамдардын баш коргоо чарасын карап жатканда алардын укуктарын эң аз чектеген баш коргоо чарасын кабыл алууга милдеттүү деп жазылган.

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Кыргызстанда деле баш коргоо чарасынын камактан тышкары дагы алты түрү бар. 2014-жылдын 1-2-кварталында соттор кылмышка шектелгендердин 5 381 баш коргоо чарасын караса, ошонун 90% камакка алынсын деген чечим болгон. Аларды иликтей келгенде 3-4 жыл камакта отургандар кездешүүдө.

Мурдагы сот Султангазы Касымов соттук териштирүү мөөнөтү Жаза кодексинде жазылып, бирок аткарылбай жатканына токтолду.

- Кылмыш жана жаза кодексинин 245-беренесинде атайын эрежелер бар. Майда барат иштерди 14 күндүн ичинде, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды 2 айдын ичинде карашы керек деп жазылып турат. Ал эми айлап-жылдап узарткан сотторго "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамдын чегинде жоопкерчилик каралышы керек.

Мен жаткан СИЗОдо 140тай аял бар эле. Алардын арасында 8 жылдан бери сот чечимин күтүп отургандар да бар.
Айнагүл

Орусияда сот процессинин мөөнөтү узарып кеткенде сотторду иштен алганга чейин барышат. Биздикилер Кылмыш жаза кодексинин өзөгүн орустардан көчүргөн дешет. Бирок башкасын көчүрүп туруп, жоопкерчилик жагын албай коюшканы кандай?

Мурда сот тармагында иштеген депутат Курманбек Осмонов да соттордун жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгилейт:

- Себепсиз мөөнөтүн бузган кызмат адамдары, тергөөчүбү, сот болобу, жоопко тартылышы керек. Советтик доордо жок дегенде партиялык жазага тартчу. Азыр дисциплинардык жаза колдонулган учурлар бар. Бирок аны күчөтүш керек. Болбосо соттор иштей берет, адамдар убактылуу абакта жата беришет.

Анткен менен көпчүлүк сот иштери "чубактын кунундай чубалып", эки ай делген чекте чечилбей келет. Бул арада Шахидага окшоп ден соолугунан ажыраган адамдар көбөйүп, наристелер абактарда көз жарууда. Натыйжада убактылуу камак жайларында арабөк калган адамдардын тагдырына балта чабылууда.

XS
SM
MD
LG