Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

Нурлан Мотуев зордуктоого шектелүүдө


Нурлан Мотуев "Азаттыктын" студиясында. 29-июнь, 2009-жыл.
Нурлан Мотуев "Азаттыктын" студиясында. 29-июнь, 2009-жыл.

Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуев кыз зордуктаган деген шек менен камакка алынды.

Бул тууралуу кабарлаган Бишкек милициясы аны камоого борбор калаанын тургуну, 21 жаштагы кыздын арызы негиз болгонун айтууда. Акыркы кездери бийликке каршы нааразычылык акцияларын уюштурууга катышып жүргөн Мотуевдин камалышын бийликке каршы аракеттерине байлагандар да бар.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетпаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 4-декабрда Бишкек шаарынын бир тургуну, 1991-жылы туулган кыз милицияга арыз менен кайрылган:

- Ал арызында Нурлан Мотуевге чара көрүүнү суранган. Арыз берген кыздын айтканына караганда, ал экөөсү 10 күн мурда таанышып, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал эми 4-декабрда болсо Мотуев Москва көчөсүндөгү үйүнө чакырып, кечки саат төрттөр чамасында аны күчкө салып зордуктаганын айтып жатат. Натыйжада кыз качып чыгып, ошол замат милицияга кайрылган. Азыр кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мотуев болсо Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынды.

Нурлан Мотуевди милиция түнкү саат үчтөр чамасында кармаган. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева муну чагым катары баалоодо. Анын айтымында, акыркы кездери бүгүнкү бийликке каршы иш-чараларды активдүү уюштуруп жана катышып жүргөнү үчүн Мотуевди ушундай жол менен торго түшүрүштү.

- Нурландын өзүнүн татынакай келинчеги бар. Өзү да динге берилип, беш маал намаз окуп жүрөт. Анан кантип ал үйүнө бирөөнү ээрчитип келсин. Анын үстүнө берки “жаман кыздар” үй-бүлөсү бар адамдын үйүнө бармак беле? Мисалы, булардын айтканына карганда, жанагы кыз үйүнө кирет экен. Кыздарды милиция өз кызыкчылыгына колдонгонду көрүп деле жүрөбүз го.

1-декабрда ондон ашык партия жана Азимбек Бекназаров баштаган саясатчылар баш кошуп, “Эл үнү” аттуу коомдук-саясый кыймыл түзгөнүн жарыялаган. Аталган саясий кыймылга Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуев да кошулуп, жыйында буларды билдирген болчу:

- Биздин революциялык ураандар булар: “Баш мыйзам өзгөрүп, жокко чыгарылсын”, “азыркы бийлик кетсин”, “парламент тарасын”, “жаңы шайлоолор болсун”, “Улуттук идеология иштелип чыксын”, “кен байлыктар: Кумтөр, Кара-Кече, Иштамберди, Бүргөндү - баары мамлекеттик карамагына өтсүн”, “камакта, туткунда жаткан балдар чыксын”.

Нурлан Мотуев Кыргызстанда талаштуу фигура. Анын иш-аракеттери, же кайсы бир жүрүштөрү күлкү менен кабыл алынган учурлар да жок эмес. 2005-жылдагы ыңкылапка активдүү катышканы менен 2006-жылы Кара-Кече көмүр кенине байланыштуу кылмыш иши козголуп, бир жыл камакта отурган. 2007-жылы ал кылмыш-иши кыскартылып, боштондукка чыккан болчу.

Ал эми 2009-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, бирок Курманбек Бакиевди колдоорун айткан жана ал кездеги оппозицияга каршы бир катар билдирүүлөрдү жасаган эле. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин анчейин коомчулукка чыкпай кеткен Нурлан Мотуев быйыл сентябрдан бери ар кандай акцияларды уюштуруп баштаган.


Тасмада: Нурлан Мотуев Ак үй алдында азан чакырган митинг, 12-ноябрь, 2012

Азан чакырган митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

XS
SM
MD
LG