Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

ДБ мигранттардын акчасын санады


Эмгек мигранттары кыргыз-казак чегинде.
Эмгек мигранттары кыргыз-казак чегинде.

Дүйнөлүк Бантктын эсебинде эмгек мигранттардын 2011-жылы жиберген акчасы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 29% түзүп, өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн ичинде үчүнчү орунду ээледи.

Бул тууралуу Дүйнөлүк Банк жаңы баяндамасына киргизген. Дүйнөлүк Банктын иликтөөсүнө караганда, өнүгүү жолундагы өлкөлөр 2012-жылы эмгек мигранттарынан 406 млрд. доллар алышат экен. Анын эсеби 2015 - жылы 543 млрд. долларга жетиши ыктымал. Андай өлкөлөрдүн катарына кирген кыргызстандык мигранттардын акчасы 2011-жылы ички дүң продукциянын 29 пайызын түзүп, өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн ичинен үчүнчү орунда экендиги баяндамада көрсөтүлгөн. Ал эми биринчи орунга Тажикстан (47%), экинчи орунга Либерия (31%) чыккан.

Кыргызстандын Улуттук Банкынын ноябрдын башындагы эсеби боюнча, мигранттар Орусиядан жана алыскы чет өлкөлөрдөн 2011-жылы 1,6 миллиард доллардан ашык акча которгон. Алардын 90 пайыздайы Орусия аймагынан жиберилген. Улуттук банктын акча которуулар боюнча башкармалыгынын адиси Чынара Рысбекованын акыркы үч айдын тыянагына таянып билдиргенине караганда, мигранттар которгон акчада олуттуу айырмачылыктар байкалбайт:

- Акыркы үч айда чын эле тышка жөнөткөнгө караганда өлкөнүн ичине кирген акчалар кыйла көп болду. Бизде дайыма кирген акча көп болот. Негизинен рубль бирдигиндеги акчалар көп келет.

Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин өкүлү Сагынбек Кочкорбаев Дүйнөлүк Банк белгилеген эсепке соодагерлердин акчасы да кирип кетиши мүмкүн деп болжойт:

- Бул жерде бир гана минус болушу мүмкүн. Баары эле мигранттардын акчасы эмес. Соодагерлердин да акчасы бар. Дордойдон (базар) кеткен товарлардын көпчүлүгү Казакстан менен Орусияга кетет. Банкка барсаңыз ылдый жагында жазылып атпайбы бул акча соода же бизнес менен байланышы жок, жөн гана жакын адамыма жардам иретинде салып жаткан акча деп кол коёт дагы, андан контракт, келишим дегенди сурабайт.

Жергиликтүү эксперттердин көпчүлүгү эмгек мигранттары Кыргызстанга жиберип жаткан акча расмий маалыматтардан, анын ичинде Дүйнөлүк Банктын маалыматтарынан кыйла көп деп эсептешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Замир Бекбоев төмөнкүдөй жүйөө келтирди:

- Кеминде 1 млрд. доллардан ашык акча келет. Ошон үчүн 29 пайыз деп айтып атышса керек. Көбү тааныштар же башка жолдор аркылуу алып келишет да. Анда да жалпы көлөмдөн алганда 20-30 пайыз акча бар.

Дүйнөлүк Банк мигранттардын которуу аркылуу акча жиберүүсүнө башкы тоскоолдук катары кызмат акынын кымбаттыгын келтирет. Дүйнөлүк деңгээлде ал кызмат 12 пайызга чейин жетери белгиленген. Улуттук Банк болсо мындан бир нече жыл мурдагыга караганда азыр акчаны которуу операциясы эл аралык деңгээлде алда канча жеңил, төлөм акылары арзан жана коопсуз болуп калды деп ишендирүүдө. Маселен, Кыргызстандын тажрыйбасында каражат которууга каражаттын 1,5 пайызы алынат.

Баяндамада Европа, Африка, Борбор Азия өлкөлөрүнө келип түшкөн мигранттардын каражаты 2013-жылы дагы өсөөрү болжолдонгон. Муну иликтөөчүлөр эмгек мигранттарынын глобалдык экономикалык кризиске бетме-бет тура алган чыдамкайлыгы менен негиздешүүдө. Дүйнөлүк Банк өнүгүү жолундагы өлкөлөрдү чет өлкөлүк валюта менен жабдып, жарды үй-бүлөлөрдү багып жаткан мигранттардын акчаларындагы ырааттуулуктун сакталып турушун глобалдык экономикалык болжолдоо тобунун директору Ханс Тиммер таң калуу менен белгилеген.

Кыргызстандык мигранттардын акчасы келерки жылдары өсөөрүн жергиликтүү адистер да белгилешип, аны иш издеп кеткендердин катары көбөйүп жаткандыгы менен негиздешүүдө. Азыр Орусияда болжол менен кыргызстандык бир миллион мигрант бар. Башкача айтканда, Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу калктын үчтөн бирин түзөт.

Эл аралык эксперттер болсо 2015-жылга чейин Кыргызстан жумушсуздуктун айынан эмгекке жарамдуу калкынын дагы жарым миллионго жакыны менен кош айтышаарын болжошууда. Алардын катарын тажрыйбалуу, билимдүү адистер толуктап, ал өз кезегинде өлкөгө которула турган акчанын санына да олуттуу кошумча болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG