Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:15

Жоомарт Оторбаев: Бюджет кризиси болбойт


Кыргызстанда бюджет дефолтко учурабайт, айлык-пенсиялар үзгүлтүксүз төлөнөт, – деп билдирди “Азаттыкка” эксклюзив маегинде Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев.

Өкмөттүк өкүл өлкөдө ички дүң продукциянын 52 процентин кызмат көрсөтүүлөр түзүп калганын, бирок бул тармак толугу менен көмүскөдөн чыга электигин баса белгиледи. Мындан тышкары Оторбаев Кумтөрдүн тегерегиндеги, кыргыз-казак сүт согушу өңдүү бир катар суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Кийинки кезде премьер-министр “казына бош, үнөмдөйлү, кыскарталы” деп байма-бай айтып жатат, бюджетте тартыштык канча, дефолт коркунучу жокпу?

Маектин биринчи бөлүгүн бул жерден угуңуз:




Жоомарт Оторбаев: Дефолт болбойт. Жыл ортосунда бюджеттин чыгаша көлөмү 104, 7 миллиард сомду түзгөн. Азыр бул сумма 101,3 миллиардды түзөт. Ошентип 3,4 миллиардга гана кыскарды, бул анча чоң сумма эмес.

Биз капиталдык курулуштарды кыскартуудабыз. Маселен, министрликтердин имараттарын оңдоо-түздөөлөр кыскарууда, мына кыш келди, демек, курулуштар токтойт. Бирок айлык, пенсия, башка социалдык төлөмдөр 100 процент төлөнөт, муну дароо таккесе айтайын.

Кыскартууга эмне себеп болду? Быйыл бюджеттин негизин түзгөн "Кумтөр" тоо-кен комбинатында Петров мөңгүсү жылып кетип, тазалоо иштерине аталган ишкана кыйла каражатын жана убактысын коротту. Ал жактан белгиленген 18 тоннанын ордуна 6 тонна гана алтын алынды. Ошентип жыл башынан бери Кумтөрдөн 2, 3 миллиард сом акча аз түштү, бул деген ички дүң продукциянын көлөмү 4 процентке азайганын билдирет.

Парламентте Кумтөрдү улутташтыруу маселеси көтөрүлгөн жай мезгилинде Торонтодогу биржада биздин 33 процент акциябыз сакталган “Центерра голд” компаниясындагы акциялардын куну төрт эсеге түшүп кетти. Жыл башында акциянын баасы 20 канадалык доллар болсо, чыр чыкканда 5 долларга гана барабар болуп калды.

Маектин экинчи бөлүгүн бул жерден угуңуз:




“Азаттык”: Казынанын негизги бөлүгүн берген Кумтөрдө кыйынчылык болуп жатса, келерки жылдын бюджети башка кандай ресурстардан куралат?

Жоомарт Оторбаев: Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан тарыхында биринчи жолу ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 52 процентин кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү түзгөн. Эгер көмүскө экономиканы алсак, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү иш жүзүндө 70 процентке чаап барат. Бирок ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 30га жете бербеген процентин гана түзгөн өнөр жай сектору жалпы салыктардын 80 процентин берип жатпайбы! Бул деген кызмат көрсөтүү сектору жана айыл чарба биригип, салыктардын араң гана 20 процентин төгүп жатканын далилдейт.

Айрыкча кызмат көрсөтүү секторунда коррупциялык система терең орун алганын билебиз. Мисалы, ресторанга 100 киши келсе, бир кишини көрсөтүшөт. Ошондуктан салыктын башкача, ийкемдүү ыкмаларын киргизгени жатабыз. Быйыл жайда Ысык-Көлдө пансионаттарды текшерген жокпуз, бирок аларга салык суммасын койдук. Ошентип алар былтыркыдан кыйла көп салык төгүштү. Бул системаны эми кеңири жайылталы деген ниетибиз бар.


Ж.Оторбаев: Бюджет кризиси болбойт
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:37 0:00

XS
SM
MD
LG