Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:42

Бюджетти Москванын 25 млн. доллары сактайбы?


Парламенттеги оппозициялык коалиция быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жана келерки жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоорун өкмөткө кайра кайтарды.

Башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов коалиция долбоорлорду колдоого алууга аракет жасаарын билдирди.

“Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк үчүн” деп аталган парламенттеги оппозициялык азчылык өткөн жуманын соңунда бюджет долбоорун талкуулап, аны толуктап иштеп келүү үчүн аркта кайтарды. Оппозициялык депутаттар өкмөттүн быйылкы жылдын бюджетин секвестирлөө максатын көбүрөөк сынга алууда. Маселен, азчылык коалициянын лидери Мыктыбек Абдылдаев бюджеттин тартыштыгы жыл сайын 21 млрд. сом болуп жатканын айтса, “Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов тышкы карыздын көлөмү улам өсүп, бирок өнүгүү жок болуп жатканын белгилеген.

Жогорку Кеңештеги бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Улукбек Кочкоров бюджет долбоорун артка кайтаруунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Ал жерде бир топ маселе бар. Биринчиден, бул бюджетти кабыл алып жатканда аны аткарабыз деп милдеттенме алышкан. Бирок аны аткарбай жатышат. Буга ким жооп берерин иликтеш керек болуп жатат. Экинчиден, бюджеттин тартыштыгынын көлөмү өтө чоң. Андан сырткары макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн баары дал келбейт, туура келбейт. Ошону да тактагыла деп жатабыз.

Улукбек Кочкоровдун айтымында, бюджеттеги мындай абал улуттук коопсуздукка коркунуч алып келет. Анткени салык кызматы ай сайын 2 млрд. сомдун тегерегинде салык жыйнап келген болсо, ноябрь, декабрь айларында 4 млрд. сомдон жыйнаш керек. Мурда алдын-ала 10 млрд. сом салык жыйналып алынгандыктан 4 млрд. сомдон жыйноо мүмкүн эмес.

КСДП фракциясынын мүчөсү Заирбек Жоошбаев бюджеттин тартыштыгы оор маселе болуп жатканын моюндап, бирок оппозициянын чечимин кадырэсе көрүнүш катары баалады. Жоошбаевдин айтымында, кандай болгон күндө да өзгөртүүлөр жана кошумчалар менен бюджет кабыл алынат.

Парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов да коалиция өкмөттүн сунуштаган бюджет долбоорун колдоого алууга аракет жасаарын билдирди.

Баш ооруну жараткан бюджет тартыштыгын жабууга жардам Москвадан келе турган болду. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин билдирүүсүнө караганда, орус өкмөтү тарабынан бөлүнө турган 25 млн. доллар грант бюджеттин тартыштыгын каржылоого жумшалат.

Албетте бул сумма тартыштыкты бүт жабууга аздык кылат дейт бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Заирбек Жоошбаев:

- Эми тартыштык чоң. Бирок бул каражат айрым зарыл маселерди чечүүгө жардам берет.

Ал эми он айдын ичиндеги өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө келе турган болсок, экономиканын төмөндөөсү токтой элек. Он айдын жыйынтыгы боюнча ИДП 4.3% төмөндөгөн. Бирок Кумтөрдү кошпогондо 3.6% өсүш берген.

Айыл чарбасынын көрсөткүчтөрү да быйыл дурус эмес. Маселен, дан өндүрүү -9.7%га, картошка -6.8%, пахта -18.6%, тамеки өндүрүү дээрлик -26% кыскарган.

Тышкы соодадагы тескери сальдонун арааны басаңдай элек. Тогуз айда экспорт 1 млрд. 100 млн. долларга жетсе, импорт 3 млрд. 770 млн. долларга жетип барган. Натыйжада тескери сальдо 2.5 млрд. доллардан ашып кеткен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG