Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

"Жаңы муун" эки дипломаттын эски ишин козгоду


Тышкы иштер министрлиги
Тышкы иштер министрлиги

"Жаңы муун" кыймылы Тышкы иштер министрлигинин аткезчилик кылды деп кызматынан мурда четтетилген жооптуу кызматкерлеринин ошол эле мекемеде иштеп жатышына баа берүүнү сурап, Башкы прокуратурага кайрылды.

Британиядагы Кыргызстандын элчилигинин дарегине дипломатиялык жүк деген белги менен жөнөтүлгөн 270 килограмм же 120 миң куту тамекини атайын кызматтар 2008-жылдын 30-ноябрында Бишкек-Стамбул авиакаттамынын учагында кармаган.

Аткезчилик жол менен бараткан ал жүк учактын 12 орундугун ээлеген. "Тергөөнүн негизинде УКМК Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматында иштеген Шамил Кайкиев менен Канат Турсункуловду камакка алган" дейт "Жаңы муун" кыймылынын мүчөсү Адил Турдукулов:

- Алар дипломатиялык почта деген шылтоо менен ири көлөмдөгү тамекини байма-бай жөнөтүп турган. Анткени бизде тамекинин баасы абдан төмөн болчу. Ал эми Британияда тамеки өтө кымбат. Алар көптөн бери дипломатиялык жүк деп тамекини Кыргызстандан ташып келишкени далилденген. Экөө тең аткезчилик менен кармалып, укук коргоо органдары 2008-жылы бир катар билдирүү тараткан.

Адил Турдукулов бул эки кызматкер жети жылдан кийин кайра эле мурдагы ордунда иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, эки кызматкердин бири - Канат Турсункулов министрликтин башкы аппаратына кайтып келсе, Шамил Кайкиев министрликтин Ош өкүлчүлүгүнө орун басарлык кызматка барган.

ТИМ: айыбы далилденбей, арабызга кошулду

Тышкы иштер министрлиги эки кызматкердин учурда иштеп жатканын “Азаттыкка” тастыктады. Алардын дипломатиялык ишке кайтып келишине Башкы прокуратуранын кылмыш курамы жок экендиги тууралуу бүтүмү негиз болгонун, айыптар төгүндөлгөнүн министрликтин маалымат жана басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сүйөркулов билдирди:

- Алар иштеп жатат. Убагында административдик жаза алган соң, Кайкиев менен Турсункулов иштен четтетилген. Бирок прокуратура иликтөө жүргүзүп, кылмыш иши камтылбагандыктан коюлган айыптар алынган. Андан соң процедура боюнча мыйзам ченемдүүлүгүнө карата кайра жумушка алынды.

Адил Турдукулов Башкы прокуратурага кайрылган себебин мыйзамдын иштебей калганы, ТИМде коррупциянын тамыры тереңге кеткени менен түшүндүрдү. Ага жараша Башкы прокуратурадан ачык-айкын, так жооп аларына ишенбесин билдирди.

Башкы прокуратура өз кезегинде жарандык активисттин арызы келе электигин айтууда.

- Балким ал арызын электрондук кат менен жөнөткөндүр. Биздин жалпы бөлүмдү карап көрдүк, азырынча каты келе элек. Эгерде келсе, 14 күндүн ичинде жооп беребиз. Балким азыр арызы келатабы, биз азырынча билбейбиз, - деди Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Тагаев.

Кошумчалай кетчү нерсе учурда ТИМдин Оштогу өкүлчүлүгүндө иштеп жаткан Шамил Кайкиевдин аты 2013-жылы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде биринчи катчы болуп иштеп турган кезде да бир жаңырган. Анда ал мас абалында автоунаасы менен полиция кызматкерлеринен качканы тууралуу видео интернетке тараган. Шамил Кайкиев министрликтин статс-катчысы Эмил Кайкиевдин бир тууганы экени да айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG