Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:57

Элди милиция, ал эми милицияны ким коргойт?


Милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин cөөгү 16-ноябрда жерге берилди.
Милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин cөөгү 16-ноябрда жерге берилди.

Милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин кайгылуу өлүмү Кыргызстандын сот жана укук коргоо тутумундагы дагы бир алешемдиктин бетин ачкандай болду.

Аны атып өлтүргөн 42 жаштагы Орусия жараны Александр Саяпин буга чейин бир нече жолу, тагыраагы "мыйзамсыз курал алып жүрүү", "сактоо" жана "сатуу" беренелери боюнча эки жолу соттолгон. Бирок буга карабай Биринчи май райондук соту аны күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө эмес, жатак абагына кескен. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди.

- Александр Саяпин ушул жылдын 30-июнунда 241-берене боюнча төрт жылга жатак абакка соттолгон. Ал 18-октябрдан бери тиешелүү мекемеге кабарын билгизбей койгон. Ошондон баштап, ага кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Саяпин эркиндикте эле жүргөнбү?

Жатак абактын режими боюнча соттолгон адам айына бир жолу тиешелүү мекемеге келип кеткени эле болбосо, калган убакта ээн-эркин жүрө алат.

Саяпиндин сары изине түшкөн ИИМдин опер кызматкер Бакай Сыдыгалиев аны колго түшүрүү учурунда окко учту. Окуя учурунда анын жанында милициянын майору - дагы бир опер кызматкер болгон. Бирок жанында куралы жок болгондуктан кесиптешине эч кандай жардам бере алган эмес. Учурда майордун шалаакылыгына байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жатканын шаардык милициядан кабарлашты.

Милиция кызматкерин өлтүргөн Александр Саяпин жана аны үйүнүн жер төлөсүнө жашырууга аракет кылган Наталья Мезинага кылмыш иши козголуп, тергөө абагында сурак беришүүдө.

ИИМдин жаңы буйругу

Милициянын опер кызматкери Бакай Сыдыгалиев 28 гана жашта болчу. Артында эки баласы калды. Бул каргашадан кийин ИИМ башчысы Мелис Турганбаев эгерде кылмышкер милицияга куралдуу каршылык көрсөтө турган болсо, эскертүүсүз курал колдонуу боюнча буйрук чыгарды.

Министр Мелис Турганбаев баштаган милиция кызматкерлери
Министр Мелис Турганбаев баштаган милиция кызматкерлери

Министрдин айтымында, мындай чечим чыгарууга соттолгон кылмышкерлерди улам боштондукка чыгарган сот өкүмдөрү мажбур кылууда.

- Жанагындай канкордун миңи биригип, Бакай сыяктуу кызматкердин өмүрүнө татыбайт. Ал ушул жашына чейин 31 сыйлык алган экен. Эми мындан кийин милицияга ким курал көтөрсө, эскертүүсүз атабыз. Мен ушундай команда бердим. Болбосо кылмышкерлерди улам камасак эле соттор боштондукка чыгарып жатышат. "Күндө туусаң, күндө жок" дегендей. Милицияны кылмышкерлерден ушинтип коргобосок, башка айла калбай калды.

Министр кошумчалагандай, эки жыл ичинде 500гө жакын кылмышкер эң аз дегенде эки жолу түрмөгө отуруп чыгып, кайра эле кылмышка барган. Александр Саяпин да акыркы жолу беш даана курал менен колго түшкөн.

Бакай Сыдыгалиевди акыркы сапарга узатуу
Бакай Сыдыгалиевди акыркы сапарга узатуу

​Ушул окуядан соң юристтер, адвокаттар жана жарандык активисттер коркунучтуу кылмыш менен эркинен ажыратылган адамга жумшак мамиле кылып, кайрадан кылмышка баруусуна өбөлгө түзгөн сотторго нааразылык билдирүүдө. Алардын бири “Баатыр ордо” коомдук бирикмесинин башчысы Адил Кыргыз оюн төмөнкүчө ортого салды.

- Бул орус жараны мыйзамсыз курал сатуу боюнча эле эки жолу соттолуптур. Муну жок дегенде колонияга камаш керек болчу. Жатак абагы дээрлик боштондук да. Бул жерде сот анын мурда соттолгонун эске алган эмес. Эгер ал күчөтүлгөн режимге кесилсе, милиция кызматкери аман калмак. Анын артында чиедей эки баласы калды.

ИИМдин малыматына таянсак, эгемендик алган жылдардан бери 20га жакын милиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу болгон. Алардын акыркыларынын бири катары полковник Толкунбек Шоноевдин каргашалуу өлүмүн айтсак болот.

XS
SM
MD
LG