Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Данисте: Балдар атасын чек арада эле көрүшөт


2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин Өзбекстан ондогон кыргызстандык келиндерди өз аймагынан “документтери жок” деп, Кыргызстанга чыгарып жиберген. Алардын арасында Баткендин Миңчынар айылынан өткөн кылымда Өзбекстанга турмушка чыгып, очор-бачар болуп калгандары да бар эле. Өзбек жарандарына турмушка чыккан аялдар күйөөлөрү калып, өздөрү балдары менен кошо Кыргызстанга кайтууга аргасыз болушту.

Кыргызстандан Өзбекстандын жарандарына турмушка чыгып, бирок өзбек паспортун албаган келиндер 2010-жылдан баштап депортацияга тушуккан. Мындай абалга кабылгандардын көпчүлүгү Кадамжай районунун Актурпак айыл округ аймагынан болушат.

Күйөөсү Өзбекстанда калып, өзү үч перзенти менен Миңчынар айылына төркүнүнө келген 35 жаштагы Алтынай Кабылова азыр айылдан кыйла четтеги ээн жерде шыйпаңчада жашап жатат.

“Балдарың менен сүтүн ичип тургула” деп, атасы жалгыз саан уйун таштап кеткен экен. Мен келгенде Алтынай уйга жем берип жүрүптүр. Улуураак балдарын айылдагы мектепке берген, азыр колунда үч жашар уулу менен отурган аял бир бөлмөнү эптеп жылуулатып алган.

Эшик-терезелери да эптеп жасалгандыктан шынааларынан шамал кирип тургандай. Мешке тезек жагат, идиш-аягы, казан-табагы, жыйылган төшөгү, уй сааган чакасы - баары ушул көптөн бери акталбаган, терезесине бозомук чүпүрөк тартылган бир бөлмөдө.

Алтынай мешти чукулап отуруп мага буларды айтып берди:

- 1997-жылы Өзбекстанга турмушка чыккан элем. Жакшы эле жашап жатканбыз. Анан эле “Өзбек паспорту жоктор өлкөдөн чыгарылат” деп калышты. Себебин сурасак, “Бишкекке барып, бийликтер менен сүйлөшүп келсеңер, анан өзбек паспортун жасап беребиз”, - дешкен. Бирок ошол бойдон кайра кире албай калдык. Мага окшоп, ал жактан чыгарылгандардын айрымдары барып, бирок кийин кайра келишкенин уктум.

“Азаттык”: Өзбекстанда жашооңуздар кандай эле?

- Жакшы эле жашап жатканбыз. Анан бул жакка келип калгандан кийин ата-энем: “Эми кайра барып отурасыңарбы. Андан көрө ушул эле жерде калгыла”, - деп, бул жактан бизге жер да беришти. Өзбекстанда деле жаңы үй салып, ошол жакка өзүбүзчө чыккан элек. Жыйган-тергенибизге үйүбүздү толтуруп, дурус эле болчу. Ошонун баары калды да. Азыр эми бирөөлөрдүн шыйпаңын үй кылып отурабыз.

“Азаттык”: Азыр бул үй кимдики?

- Бул Эгемберди акенин үйү (айылдашы - ред.). Ушунун үйүндө отуруп тургула дешкенинен ушул жердебиз. Ата-энемдикинде деле болдук. Бирок алардын деле үйүндө адам көп. Өзүбүз башка бөлүнүп чыгалы деп, эптеп ушинтип жүрөбүз да. Балдарымдын атасы Өзбекстанда. Азыр эми эки жыл болуп калды келгенибизге. Балдарым да атасын сагынат, аны да бул жакка алып келип жашасак дейбиз.

“Азаттык”: Сизге окшоп күйөөсү Өзбекстанда калып, өздөрү Кыргызстанга келген келиндер көппү?

- Мени менен кошо 17-18 аял чыкканбыз. Мага окшоп айылда тургандары эптеп жашап жатышат. Кыйналгандары Орусияга кетишти.

“Азаттык”: Эки балаңыз мектепте окушат экен. Аларды мектепке кантип алышты? Албайбыз деп кыйнабадыбы?

- Келгенде мектепке да абалыбызды түшүндүрдүк. Такыр айлабыз жок отурганыбызды айтканда, акырында балдарды алышты.

“Азаттык”: Жолдошуңуз менен ошондон бери көрүшө алдыңызбы?

- Күйөөм менен чек арадагы бажы постунда көрүшүп, балдарымды көрсөтүп турам. Биз ары өтө албайбыз, ал да бери келе албайт. Качып өткөндөрдү атышат. Ошон үчүн бажыдагы кызматкерлер менен эле сүйлөшүп жолугушабыз.

“Азаттык”: Бул жакта азыр жашооңуз кандай?

- Балдарыбыз менен эптеп эгин эгип, жашаганга аракет кылып жатабыз. Жаман дебейбиз жашаган жерибизди.

“Азаттык”: Сиз үчүн кайсы жакта жашаган ыңгайлуу? Өзбекстандабы, же бул жерби?

- Азыр бизге ушул жак эле ыңгайлуудай көрүнүп турат. Өзбекстанда кайра баарын башынан баштап, жер алыш да оңой болбойт.

“Азаттык”: Азыр мына сыртта күн кыйла эле суук, үйүңүздөр да анча жылуу эмес экен?

- Отун-тезек жагып отурабыз. Кошуналарыбыз да алысыраакта. Биз турган жер айылдын чети. Жакын арада адам деле жок.

Минтип күйөөлөрү Өзбекстанда, өздөрү Кыргызстанда калган аялдар Актурпак айыл округунда эле 22 адам. Ал эми облус боюнча канча киши Өзбекстандан чыгарылганын так билген киши жок. Анткени алар азырынча бирдиктүү каттоого алынып, же даттанып бирөөгө кайрылган эмес.

Өзбекстандын жарандыгын алуу кыйындыгынанбы же кайра ал тарапка барууга ниети жоктугунанбы, айтор, Өзбекстандан депортация болгон аялдар балдарынын аталары Кыргызстанга келсе деп тилешет.

Жогорудагы каарманыбыздай жылуу конушунан айрылган дагы бир аял Санабар Бакирова да үч баласы менен ата-энесинин үйүндө жашап жатат. Кайын журтуна кайрылып барчу болсо, сот жообуна тартылаары да эскертилген.

- Милицияга барасыңар дешти. Өзбекстандын Актамыр айылына турмушка чыккан кыргызстандыктар ошол жакка бардык. Ал жерден бизге: “Бул өлкөдөн чыгып кеткиле, кайра келсеңер, сот жообуна тартылып, 5 жылга чейин кесилесиңер”, - деп эскертишти. Бизден арыз да жаздырып алышты.

Жай турмушту көчүп-конууга алмаштырууга аргасыздардын реалдуу саны канча экени белгисиз. Мындай тагдырга тушуккандар Кыргызстандын түштүк аймагындагы бир топ жерлерде бар экенин айтылып жүрөт.

Гапар Бакиров Өзбекстандан айдалып чыккан кызынын үч баласын азыр бул жактагы төрт небересине кошуп карап жүрөт.

- Кызым менен күйөө балам экөө тең бир аз иштеп келели деп Орусияга кетишкен. Неберелерим мени менен калышты. Өзбекстандан чыгып келгенден кийин кайра барган. Кийин милициясына чакырып, кызымдын паспортуна штампын басып, чыгарып жиберишиптир.

Кыргызстандык бул келиндердин учурунда чечилбей калган документтерине байланышкан проблемалары июнь окуяларынан кийин кайра көтөрүлүп, эми үй-бүлөлөрдү чек аранын эки тарабына бөлүүгө себеп болуп отурат.

Кошуна өлкөнүн аймагынан куулуп чыккан атуулдарына Кыргызстан канчалык кам көрөөрү да белгисиз. Азырынча мындай абалга туш болуп кайрылгандарга Актурпак айыл округу колдон келгенин жасап берип жатыптыр. Айыл округ башчысынын орун басары Садыбакас Асанов жергиликтүү бийликтин мүмкүнчүлүгү жетишсиз экендигин айтат:

- Бул келиндер Өзбекстанда турмушка чыккандан бери топтогон мүлкү толугу менен ошол жакта калган жана аларды бул жакка алып чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Азыр булар кайрадан Кыргызстанда турмушун нөлдөн баштап жатышат. Биздин айылдык өкмөт колдон келген жардамын берүүдө, бирок ал аздык кылат. Биз кыргыз өкмөтүнө кайрылып, буларга материалдык жактан дурусураак жардам беришин суранат элек.

“Азаттык”: Сиздерге кайрылгандар көппү?

- Бизден расмий түрдө 22 жаран каттоодон өттү. Биздин аймагыбызда дагы 10-15 адам катталбай эле жашап жатат деген маалымат бар. Бирок алардын саны андан да көп болушу мүмкүн. Биздин эле эмес, башка айылдарда да мындай үй-бүлөлөр көп.

Коңшу Өзбекстандын ички саясатынан улам бир үй бүлө экиге бөлүнүп, үй жайын таштап, Кыргызстанга келген аялдар менен алардын балдарынын маселесин чечүү мамлекеттик деңгээлдеги иш экени таасын болуп калды.
XS
SM
MD
LG