Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:03

Жаңы кийимден да жаман жыт жугат


Иллюстрация
Иллюстрация

Базардан же дүкөндөн алган жаңы көйнөктү жуубай кийүү менен колоңсо жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт. Америкалык окумуштуулар жаңы кийимди кийер алдында жуубаса, ал аллергиянын оор түрү - астмага чейин козгорун эскертишет.

Жакында эле The Wall Street Journal басылмасы дүкөндөн алган кийимди киер астында бир сыйра сууга чайкап алуу керектигин жазды. Болбосо андан денеге жаман жыттан тарта астма сыяктуу оорулар да илешүүсү мүмкүн экен.

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин медициналык борборунун дерматолог-окумуштуулары атайын тажрыйба жүргүзгөн. Натыйжада дүкөн же базардан сатып алып эле, дароо кийип алган кийим адамга зыяндуу экенин аныкташкан. Биринчиден, аны колоңсосу бар киши кийип көргөн болушу мүмкүн. Мындай учурда жаман жыт бөлүп чыгарууга себепкер микробдор көйнөк тигишинде кала берет да соо адамга жармашат.

Экинчиден, жаңы кийим сынын жоготпошу үчүн фабрикадан эле азо-анилин аттуу химиялык дары чачышат. Ал кишиде аллергиялык реакцияны чакырышы ыктымал. Жыйырма жылдык тажрыйбасы бар дерматолог Нурмери Гаджал да жогорудагы окумуштуулардын айтканына кошулат.

- Базар, дүкөндөн кийимдерди кийип көрүп алып жатпайбызбы, ошондо көптөр билбей колоңсо жуктуруп алышат. Айрыкча жаш кыздар бири-биринин кийимин алмаштырып кие берет эмеспи. Бул да опурталдуу. Ар бир адамдын өзүнө гана таандык жыты бар. Ага башка бирөөнүкү кошулса, бузулуп, жагымсыз жыт чыгат.

Ар бир адам тердейт. Бирок терден чыккан жагымсыз жыттан арылуунун туура жолун баары эле билбейт. Адистер ашыкча терчилдикти гиподермия деп аташып, жүрөк - кан тамыр, нерв оорусунун белгиси катары сыпатташат. Гиподермия айрыкча жай мезгилинде күчөйт. Андан арылуу үчүн ийне сайып, колтуктун алдындагы тер бездерин кестирип салгандар бар. Дерматологдор бул колоңсо менен күрөшүүнүн эң эле эффективдүү жолу экенин айтышат.

"Ал эми буттагы шыбоону грибок, экзема сыяктуу жугуштуу дарттар да чакырат. Мындан арылуу өтө деле кымбат процедураларды талап кылбайт. Таза жүрүү жана дарылануу эле жетиштүү", - дейт Гаджал.

- Бутту кир кармоо ар кандай ооруларга жол ачат. Пахтадан токулган байпак кийип, аны күндө алмаштырууга, булгаары бут кийим менен жүргөнгө аракет кылуу керек. Эгерде буттагы жыт такыр эле кетпесе, анда ал грибок, экзема сыяктуу бир катар оорулардын да белгиси. Бизге жаман жыт менен көп кайрылышпайт. Бирок шыбоонун айынан тырмактары чирип, жара болуп кеткендер келишет. Аларды дарылоо кыйын. Менин кеңешим, күн сайын бутту жылуу сууга марганцовка же дарыканада сатылган дары чөптөрдү кайнатып, анын суусу менен тез-тез жууп турса, жаман жыттын алдын алышат эле.

Терчилдик кичинекей кезден эле башталат. Кокус баланын алаканы же буттары тердеп кетсе, аны ата-эне жаштайынан эле өздүк гигиенага үйрөтүп, кошумча невролог, терапевтке көрсөтүп, кан айлануу жана нерв системасын текшертүү зарылдыгын адистер эскертишет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG