Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, социалдык тармактардагы “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин изилдөөчү инженери Ажымурат Орозалиев былтыр жасаган кескелдирик жөнүндө изилдөөсү илимий чөйрөдө жаңылык жараткан. Ал “Азаттыктын” видеоподкастында илимдин экономикага таасири, жарандык жигердүүлүк, “акылдын агылышы” жөнүндө байкоолору менен бөлүштү.
Кыргызстандын шоу-бизнесинде алгач эл аралык сынактарга, шоу долбоорлорго катышкандан кийин элге таанылган маданият өкүлдөрү арбын. Адатта ушундай долбоорлорго барып келгендердин көбү коомдо талкуу жаратып, элдин мактоосуна арзыйт.
Ири IT компанияларга кантип жумушка кирсе болот? Алар кандай адистерге муктаж? Эмнеге Microsoft же Google сыяктуу компаниялар Кыргызстанда кеңсесин ачпайт? Жасалма интеллект өнүккөн заманда адам эмнелерди билиши керек?
АКШда жашап, жеке мектептердин биринде химиядан сабак берген Акылай Байматова өз демилгеси менен жазуучу Мар Байжиев иштеп чыккан “Манас” эпосунун хрестоматиялык вариантын англис тилине которгон. Учурда Ч.Айматовдун “Кассандра тамгасы” романынын үстүнөн иштеп жатат.
XI кылымга таандык Бурана мунарасын ондоп-түзөө иши аяктады. АКШнын каржылоосу менен эки жыл мурун башталган долбоордун алкагында мунаранын жаа-чачындан улам бузулган кароол аянтчасын, дубалдарын калыбына келтирүү, анын сейсмикалык туруктуулугун баалоо иштери аткарылды.
Жаз-жай айларында шаардан көчө музыканттарын кезиктирүү кадыресе көрүнүш. Бул маданият Бишкекте кандай өнүгүп жатканын “Азаттык плюстан” көрүңүз!
Коомчулук жаштар арасында, айрыкча мектеп окуучулары арасында электрондук тамеки кеңири жайылып, кадыресе көрүнүш болуп калганына тынчсызданууда. “Азаттык+” ушул теманын айланасында талкуу курду.
Мурда угуп жүргөн эле чыгарманы жаңылап ырдап чыгып, эл оозуна алынып, күйөрман топтой алгандарды тааныйсызбы? “Азаттык+” кавер аткарып таанылган жаштарды көрсөтөт.
Ижарачы батирдин ижарасын негизсиз жогорулатып салган учурда эмне кылуу керек? Үйдөн чыгарып салган учурда кайда кайрылуу керек? Ижарачы менен келишим түзүү канчалык маанилүү? "Азаттык+" батир ижарасына байланыштуу соңку кырдаалды талкуулады.
21-сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизациядан кийин орус жарандары коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга агылды. Учурда алар Бишкектин шартына көнүп, айрымдары бизнес баштоону ойлонуп жаткан кези.
8-октябрь күнү Бишкек мэриясы тарабынан жалпы ишембилик жарыяланган. Бул жараянга мобилизациядан улам Кыргызстанга келген орус жарандары да катышты. "Бул биздин кыргызстандыктардын меймандостугуна билдирген ыраазычылыгыбыз" дешет алар.
Жыл сайын ондогон кыргызстандык грин-картага тапшырып, Америкада жашап калуу бактысын сынап көрөт. Бул лоторея чын эле Америкадагы ажайып жашоого жолдомобу? Аларды АКШ кандай тосуп алат? "Азаттык+" грин-карта менен Америкада жашап калган кыргызстандыктарды көрсөтөт.
Кыргызстанда чоңоюп, Түркияда таанышып, Америкада жашаган Гульзина менен Замир Кремний өрөөнүндө иштешет. Гульзина Фейсбук компаниясында дата анализдөө боюнча адис, ал эми Замир жасалма интеллекттин жардамы менен кызматтарды жасаган C3 AI компаниясында улук башкаруучу.
Эгер Калифорния штаты өзүнчө мамлекет болсо, дүйнөдөгү 5-өлкө болмок. Себеби, бул жерде атактуу, миллионго бааланган технологиялык корпорацияларды, ондогон стартаптарды камтыган Силикон же Кремний өрөөнү жайгашкан. "Азаттык+" бул аймакты багынтып, байырлаган кыргызстандыктар менен тааныштырат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш кыргыз жаштарын бириктирди. Алар ыктыярчы катары гуманитардык жардам чогултуп, кан тапшырып жана башка иштерде көмөк көрсөтүп жатышат. "Азаттык+" Баткенге кол сунган ыктыярчы жаштарды көрсөтөт.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрынын жамааты ар жума сайын, шаршембиден жекшембиге чейин ачык асман алдында өз өнөрлөрүн шаар тургундарына тартуулап жатышат. Бул чыгарылышта дал ушул концерттерге даярдык кандай жүрүп жатканын көрө аласыздар.
Көл жээгинде лаванда өстүрүп, анын эфир майын Жапонияга эскпорттогон Айсулуу. Жанар болсо өз үйүнүн короосунда эле уй багып, сыр жасайт. Эчки багып, табигый азык өндүргөн Үмүт. "Азаттык+" бул ирет кесибин фермерликке алмаштырып, өндүрүштүн жаңы түрлөрү менен алектенип жаткан айымдарды тааныштырат.
Дагы жүктөңүз