"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Жасалма интеллект жаңы глобалдык жарышты жаратты. Интеллект жагынан адамдан ашса ашып, бирок кем калышпаган америкалык чат-ботторду улай Кытай да өз программасын жарыялады.
ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) Израилге өткөрүп берген эки баланын энесинин сөөгү башканыкы болуп чыкты. Бул тууралуу туткундардын сөөктөрүнө соттук-медициналык экспертиза жасалгандан кийин Израил бийлиги билдирди.
ХАМАС радикал тобу Израилге өткөрүп берген эки баланын энесинин сөөгү башканыкы болуп чыкты. Бул тууралуу туткундардын сөөктөрү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Израил бийлиги билдирди. Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху 21-февралда бул үчүн хамасчылардан өч аларын эскертти.
Орусияда мигранттардын банк карталары бөгөттөлө баштады. Кремлдин жаңы реестрине кирип калган мигранттар эмне кылышы керек? Орусияда мигранттарды тескеген жаңы режимдин кесепети кандай? Кыргыз бийлиги өз жарандарына кандай жардам бере алат?
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды. Маалыматка караганда, эки лидер Украинадагы согушка чекит коюу маселесин талкуулашкан.
Орусиянын армиясы фронтто Покровск багытында чабуулдарын күчөттү. Орус күчтөрү Донецк облусундагы маанилүү байланыш борбору деп саналган шаарды жарым жылдан бери өз карамагына алуу аракетин көрүп келет. Ал арада Украинанын Одесса облусу дрон чабуулуна кабылды.
Украин армиясы Орусиядагы мунай заводго сокку урганын билдирди. 29-январга караган түнү Орусиянын кеминде жети облусу дрондордун жапырт чабуулуна кабылганы кабарланды.
Соңку бир сутка ичинде кытайлык DeepSeek компаниясынын чат-боту АКШ, Британия жана Кытайда эң көп көчүрүлгөн тиркеме болуп калды. Аны чыгарууга өтө аз каражат сарпталганы тууралуу маалымат бул багытта иш алып барган технологиялык компанияларды дүрбөлөңгө түшүрдү.
Кытайдын DeepSeek компаниясынын ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасы дүйнөлүк технологиялык компаниялардын акцияларын олку-солку кылды. DeepSeeктин жаңы чат-боту АКШ менен Кытай ортосундагы жасалма интеллект жаатында атандааштыкты дагы күчөткөндөй болду.
АКШнын 47-президенти Дональд Трамп шайлоо алдындагы сөзүнө туруп, мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо чараларын жарыялады. Трамп кызматка киришкенден кийин кол койгон документтерге ылайык, өлкөнүн түштүк чек арасында өзгөчө кырдаал киргизилди.
Сирияда Башар Асаддын бийлиги кулагандан кийин бул өлкөдөгү радикал топтордун катарында согушкан борбор азиялык жоочулар маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Дамаскка көзөмөлүн орноткон топ теги тажикстандык согушкерге жаңы кызмат жана наам бергени белгилүү болду.
АКШнын президенти Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун ортосунда согушту токтотуу келишими жетишилгенин 15-январдын кечинде жарыялады. Көп өтпөй Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газага аба соккуларын улантканы кабарланды.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугууга даярдык жүрүп жатканын айтты. Кыргызстанда Орусиянын, Армениянын, Грузиянын, Абхазиянын номери менен жүргөн автоунаалар мыйзамдаштырылат. Жогорку Кеңештин кызматкерлери аралашкан чыр боюнча кылмыш иши козголду.
Армениянын өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Кремль Армения Евразия Экономикалык Биримдигине, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө экенин эске салды.
Запорожье шаарында аба чабуулдарынан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Темирлан Султанбеков эки айдан бери өзүнүн катышуусунда бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлбөгөнүн билдирди. АКШнын Лос-Анжелес шаарынын айланасындагы өрт беш кишинин өмүрүн алды.
Кошмо Штаттар Украинага 500 миллион долларга жакын аскердик жардам берилерин жарыялады. Бул президент Жо Байдендин администрациясы Киевге көрсөткөн соңку жардамы болуп калышы мүмкүн.
Газанын ар кайсы бөлүгүнө Израил армиясы абадан сокку уруп, соңку бир суткада 20дан көп адам каза тапты. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды. Израилде ондогон адам митингге чыгып, АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун барымтасындагы туткундарды бошотууну талап кылды
Президент Садыр Жапаров автотранспорт салыгын толугу менен жойгон жарлыкка кол койду. Өзбекстанда Гүлнара Каримова аялдар колониясынан жатак абакка которулганы белгилүү болду. Израилде митингге чыккандар 400 күндөн ашуун хамасчылардын барымтасында отурган туткундарды бошотууну талап кылды.
Тибеттин бийик тоолуу райондорунун биринде жер титиреп, 100дөй киши каза таап, 150дөн ашуун адам жараат алганын Кытай медиасы кабарлады. АКШнын Чикаго шаарында кыргызстандык жаран киши колдуу болду.
5-январдын таңында украин армиясы Орусиянын Курск облусунда жаңы чабуулун баштады. Аналитиктер чарчап-чаалыгып, техникасы жана жоокери жетишпей жаткан украин армиясынын бул чабуулу күтүүсүз болгонун белгилешет. Эмне себептен Киев мындай кадамга барды?
Дагы жүктөңүз