Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Шаршеев: Калыстар атаандашыма тартып койду


Дастан Али Шаршеев
Дастан Али Шаршеев

Тай боксу боюнча Азия жана Евразия чемпиону (2013-2014), "Элдер достугу кубогу" турниринин жеңүүчүсү (2015), Russian Challenge "Grand Prix Moscow" эл аралык турнирдин эки жолку жеңүүчүсү, Москвадагы кыргызстандыктардын "Aikol FС" спорт клубунун машыктыруучусу, кикбоксер Дастан Али Шаршеев менен маек.

«Азаттык»: 22-апрелде Казанда өткөн таймаш жөнүндө айтып бериңизчи. Интернетте тараган видеодо сиз “калыстык жок” деп кайрылдыңыз эле.

Шаршеев: Жеңиш 100 пайыз бизде болчу! Калыстар туура эмес чечим кабыл алып коюшту. Негизи үч раунд таймаш болмок.

Үчүнчүсүндө мен атаандашымды нокдаун кылдым. Бирок анда аны рефери "эреже бузуу" катары эсептеп, атаандашымды тургузуп кетти. Төртүнчү раунд кошумча берилди, аны дагы биз жеңдик. Бул өзү масштабдуу өткөн престиждүү турнир. Чемпионатка мыкты спортчуларды алат, чемпиондук курга таймаш болот.

Бирок бул ирет акыйкаттык болбоду. Жыйынтыгында атаандашымдын колун көтөрүштү. Мен муну "акыйкатсыздык" деп атап, рингден кетүүдөн баш тарттым.

Рефери «рингден кет, депортация кылам» дей баштады. Ал мени коркуп кетет деп ойлоду окшойт. Тренерим дагы колдоо көрсөтүп, кетпейбиз деди. Андан кийин коопсуздук кызматын чакырышты. Мен көнбөдүм. Рингден чыгып, микрофон алып кайра чыктым да өз оюмду айттым. Казандын элине рахмат, колдоп, кол чаап турушту.

«Азаттык»: Атаандашыңыз ким эле?

Шаршеев: Атаандашым 71 кг салмактагы Орусиянын спортчусу эле (ред. Антон Калинин). Анда эч кандай күнөө жок. Чыкты, мушташты. Жеңишти ал деле күтпөгөн. Бир кызыктай болуп, чыгып кетти.

«Азаттык»: Сиз Орусиянын спортчусуна калыстар тартып койду деп ойлойсузбу?

Шаршеев: Мен ойлобойм, мен орус спортчуга тартып койду деп эле ачык айтам.

«Азаттык»: Спорттун бул түрү менен канчадан бери машыгасыз?

Шаршеев: Спортко Кыргызстанда эле кызыга баштагам. Биринчи тренерлерим Кыргызстанда. Бул жакка 21 жашымда келип, ишке профессионалдуу карай баштагам. Биздин жашообуз спорт менен байланыштуу. Спорт аркылуу биз Кыргызстандын өсүп-өнүгүүнө салымыбызды кошкубуз келет. Биз Кыргызстандын жараныбыз да. Ар бир турнирге калпак кийип, желек көтөрүп чыгабыз.

«Азаттык»: Кандай титулдарыңыз бар?

Шаршеев: Мен Азия жана Евразиянын чемпионумун. 32 профессионалдык таймашка чыккам. Чоң титулдук таймаштарга катышкам. Мен азыр 26 жаштамын. Муну менен чектелип калбайм. Күчүм барда уланта берем.

«Азаттык»: Сиз чет өлкөдө жүрөсүз. Аренада туруп алып мындай катуу сөздөрдү айткандан корккон жоксузбу? Өлкөдөн депортация кылат же башка турнирлерге катыштырбай коёт деп ойлогон жоксузбу?

Шаршеев: Чынын айтканда мен ал жөнүндө ойлогон жокмун.

«Азаттык»: Сиз Орусияда беш жылдан бери таймаштарга катышып жүрөм дедиңиз. Мындай учурлар көп кездешеби?

Шаршеев: Мурун дагы ушундай болгон. Бул окуяны Интернетте эл катуу талкуулай баштап, көңүл чордонунда илинип калды. Мен мурун Руслан Бекменов менен титулдук кур үчүн чыкканымда так эле ушундай болгон.

«Азаттык»: Мындай мамиле кыргызстандык спортчуларга каратабы болдубу?

Шаршеев: Негизи кыргызстандык спортчуларга ушундай мамиле кылышат. Биз нокаут менен гана жеңе алабыз. Көбү унчукпай кетип калат. Мен өзүмдү кармай албай калдым. Акыйкаттык жок болду. Спорт – сыйлуу, урматтуу иш, жакшы нерселерге үйрөтөт. Ушундай көрүнүштөр спортту бузат. Мен спорт менен жашайм. Жашоодогу башкы нерсем. Аябай капа болот экенсиң. Азыр тренерим турнирдин эрежелерин жана шарттарын карап, апелляция жазууну карайбыз.

«Азаттык»: Орусияда беш жылдан бери жүрөт экенсиз. Кийинки пландарыңыз кандай?

Шаршеев: Менин чоң пландарым бар. Бизден кийинки муун биз менен сыймыктанса дейм.

«Азаттык»: Орусияга башында эмне максат менен келдиңиз эле?

Шаршеев: Орусияга мени спорт алып келген. Мен башында бул жакта тренер болуп иштегем. Өзүмдүн юридикалык билимим бар. Спортчулар спорттон тышкары дагы кандайдыр бир багытта билими болушу керек.

«Азаттык»: Сиз спорттогу саясат тууралуу айтып жатасыз. Качандыр бир саясатка барууну ойлойсузбу?

Шаршеев: Менде андай пландар бар. Мындай темп менен ага бат эле жетебиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG