Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:58

Курманжандын АКШга жеткирген өжөрлүгү


Курманжан Токтоболотова
Курманжан Токтоболотова

АКШнын мыкты университетинде акысыз билим алып жаткан Курманжан Токтоболотова келечекте Кыргызстанда соттук-медициналык экспертиза чыгарган борбор ачкысы келет.

Курманжан Токтоболотова Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында жашайт. 2013-жылы Кыргызстандагы Юридикалык академияны артыкчылык менен аяктап, ошол эле жылы Америкага кеткен.

Курманжандын Америкада билим алгысы келген кыялынын орундалышына байкесинин салымы зор.

Курманжан Токтоболотова байкеси менен
Курманжан Токтоболотова байкеси менен

- Байкем бул жакка менден эки жыл мурун келген. Ал кесипкөй боксчу болгондуктан, бул жактан ар кандай мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып, анан мени чакырган. Америкадагы ийгиликтеримдин артында байкем турат десем жаңылышпайм. Ал дайым мага дем берип, жөлөп-таяп турат.

Америкада жогорку окуу жайда окуйм дегенде эки көзү төрт болуп келген Курманжан дароо эле максатына жеткен эмес. Алгач дүкөндөрдө сатуучу болуп иштеп, андан чыгып кечинде курска барып, окууга тапшыруу үчүн тесттерге даярданып, эки жылдан кийин АКШдагы мыкты окуу жайлардын бирине өткөн.

- Мен Берклидеги Калифорния университетинде (UC Berkeley) окуйм. Бул - мамлекеттик окуу жай, Америкадагы мыкты он университеттин катарына кирет. Азыр укук жана эл аралык саясат таануу факультетинде 3-курста окуп жатам.

Бул университетте чет өлкөлүктөр үчүн окуу акысы 60 миң доллардын тегерегинде болот. Бирок Курманжан окуудагы жакшы жетишкендиги үчүн акысыз билим алат экен.

- Америкалык студенттерге окуу акысы китеп жана башка кошумчалары менен биригип, 30-32 миң долларга чейин барат. Ал эми эл аралык студенттер жылына 58-60 миң доллар төлөйт. Бирок мен сынактарды жакшы тапшырып, бааларым жакшы болуп, активдүү студенттердин катарына киргендиктен былтыр мага 100 пайыздык арзандатуу берген. Ошондой эле бир семестрде 6000 долларга чейин стипендия алам.

Мекендешибиздин бул ийгилиги Америкада билим алууну көксөгөн ар бир жаштын кыялы. Бирок бул кыялына Курманжан кыйынчылык менен жеткен. АКШга көчүп барганда байкеси экөө көчөдө калган күндөрү болгон. Кыргызстандык үй ээси бир туугандар жашап жаткан батирди мөөнөтүнөн мурун бошотууну талап кылып чыгарып жибергени алардын эсинде калган окуя болду. Бирок башка бир мекендеши аларга кол сунуп, убактылуу жардам берген. Айтор, Курманжан Америкадагы жашоосунун башталышын “Салам, Нью-Йорк” тасмасындагы баш каармандын окуясына окшоштурат.

- Менин окуум 28-августта башталат. Биз ал маалда тилди билип, Американын системасын түшүнүп, мыйзамдарын үйрөнүп калганбыз. Бирок менин окуума да, байкемдин ишине да ылайыктуу райондон тапкан батирибизди 13-сентябрда бошотуш керектигин айтышты. Анан эмне кылабыз? Чемодандарыбыз менен көчөдө калдык. Мындай болоорун билген эмеспиз.

Батир табаарыбыз менен алып келебиз деген буюмдарыбыз трактта (жүк ташуучу унаада) Лос-Анжелесте калган болчу. Ал убакта жеңил машинелүү болуп калган элек, жаныбыздагы оокаттар менен 17-18 күн ошол машинада жашадык. Машинада уктап, машыгуу залына барып жуунуп-тазаланып, анан "Starbucks" кофеканасында тамактанып алып, мен окууга, байкем жумушка жөнөйт. 18 күн ошентип өткөн.

Бирок эмнегедир ошол күндөрү мурунку көчөдө калгандагыдай кыйналган жокпуз. Анткени моралдык жактан күчтүү болуп калганбыз. Байкем “Эгер бул ийгиликке жетүүдөгү кыйынчылык болсо, эч нерсе эмес” деп айтчу. Мен “билим алуу ийне менен кудук казгандай” деген сөздүн маанисин ошондо түшүндүм. Машинанын ичи суук, кечинде мешин жагып коюп сабак окуп же кофеканада ызы-чууда китеп окуп жүрдүк.

Курманжан мыкты окуп гана тим болбостон коомдук иштерге да жигердүү катышат. Өз тармагындагы эл аралык конференциялардан, кыска мөөнөттүк курстардан калбайт. Былтыр эле келечектеги саясатчы, лидерлер үчүн уюштурулган сынакка катышып, АКШнын Тышкы иштер министрлигинде практикадан өткөн.

- Бул президентке караштуу сынак, быйыл 50 жыл болуптур. “The Fund for American Studies” деп аталат. Мында Американын саясатын, укук системасын үйрөтөт. Ага 4300 студент тапшырыптыр. Ошонун арасынан 336 студентти тандап алды. Мага да ийгилик жылмайып, кошулуп калдым. Тамак-ашын, жашаган жерин – бүт баарын президенттик администрация төлөп берди. Бул жакта студент эки тилден ашык тил билсе эле "бул пайдалуу адам экен" деп кызыгышат. Мен да көп тил билгендиктен Тышкы иштер министрлигинде практикадан өткөнгө мүмкүнчүлүк алдым.

Бул мөөнөт ичинде кыргызстандык кыз Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы 100дөн ашык депутат менен жолугуп, алардан көп нерсе үйрөнүүгө жетишкен. Америкалык эл өкүлдөр мекендешибизге өзгөчө таасир калтырган.

- Алар “Студенттер, келечектеги лидерлер, силер жашоону башка жагынан көрөсүңөр, андыктан кандай көйгөйлөрдү көрүп жатасыңар, бизге айткыла” дешет. “Мен баарын билем” деп кыйын болушпайт. Билбеген нерсеңдин баарын ийне-жибине чейин түшүндүрүп берет. Эгер өзүнүн колунан келбесе, сөзсүз башка бирөөгө дайындайт. “Саат мынчада сөзсүз бул кишиге барып жолук, ошол билет” деп жиберишет. “Көйгөйдү чечмейинче кетпеш керек, бүгүн, азыр бүтүрөбүз” дешет. Мага булардын ишти эртеңкиге калтырбаганы абдан жакты. Ошондой эле жөнөкөйлүгүнө жана жаштардын келечегине аябай кам көргөнүнө баа бердим. Биздин депутаттар да ушундай болсо, жаштарга менторлук кылса абдан жакшы болмок.

- Кээде Кыргызстанды бузулуп калган машинага окшоштурам. Мисалы, машинаны айдайын десең дөңгөлөгү жок, дөңгөлөк салсаң мотору жок, анысын оңдосоң рулу кыйшыйып калгандай.

Юриспруденция тармагында билим алып жаткан студент катары укук жагына, мыйзамдын бузулушуна көбүрөөк көңүл бурам. Анын ичинен бачабаздык мени абдан көп ойлондурат. 2018-жылдын төрт айында эле Чүй облусунда 21 зордуктоо катталган экен. Бул өтө чоң көрсөткүч. Бул укук коргоо органдарына кайрылган гана учурлар да, ал эми айыл жергесинде өз ара макулдашып эле ишти жаап койгондор канча? Туугандары ишти жаптырып жатышат, бирок кызды же баланы психологиялык, моралдык жактан талкалап жатабыз да.

Педофилияга туш болгон бала, катуу айтканда, адам кейпиндеги чөп болуп калат. Анткени биз анын ичиндеги ой-жүгүртүүсүн, жашоого болгон үмүтүн талкалап салабыз. Ага жашоону жаман көрсөтүп коёбуз. Ал эми ал баланы калыбына келтирүү үчүн көп жылдар талап кылынат, болгондо да алар менен тыгыз иштеш керек. Аны ишке ашыруу үчүн атайын борборлор керек, тилекке каршы, бизде андайлар жок. Мени бул көйгөй көп ойлондургандыктан педофилияга эле басым жасаган эмес, жалпы эле соттук-медициналык экспертизаларды чыгарчу борбор ачкым келет. Анткени экспертиза начар болсо, далил жок болуп, кылмыштын бети ачылышы өтө кыйын.

Билимге суусаган Курманжан окуусун аяктап, андан соң юристтер үчүн жогорку мектепте дагы үч жыл окуп, мекенине кайтып, соттук-медициналык экспертиза чыгарчу борбор ачкысы келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG