Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:21

"Ак кеме" кайрадан талашта


Бишкектеги "Ак кеме" мейманканасынын эмгек жамааты менчикти басып алуу аракети башталганын айтып, коомчулукка кайрылуу жасады.

Мейманкана жетекчилиги менчик ээси менен өкмөттүн ортосунда мүлктү теңге бөлүү же болбосо айырманы төлөп берүү боюнча соттун чечими бар экенин айтып, бирок ага карабастан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мейманкананы өз карамагындагы ишканага өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын айтууда. Маммүлк фонду имаратты мамлекетке өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому бар экенин жүйө келтирди.

"Ак кеме" жамаатынын кайрылуусу

Бишкектеги "Ак кеме" мейманканасынын эмгек жамааты 10-мартта Ак үйдүн көрсөтмөсү менен менчикти рейдерлик жол менен басып алуу аракети болгонуна тынчсызданган кайрылуу жасады. Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси тиешелүү соттук чечимге жана менчикти коргоо мыйзамдарына карабастан мейманкананы өткөрүп алуу буйругун чыгарганы көрсөтүлгөн.

"Ак кеме" мейманканасынын аткаруучу директору Белек Сарымсаков ортодогу айырмачылыкты төлөп бербестен, мүлктү тартып алууга аракет жасалганын айтты:

- 10-мартта бизге белгисиз адамдар келип, мейманкананын ээлери эми алар экенин жарыялашты. Бизге ички мекемелик маанидеги документти көрсөтүштү. Ал “Ак кеме” мейманкана-комплексин толугу менен өткөрүп алуу боюнча буйрук экен. Анда наркы 860 миллион сомдук мейманкана деп көрсөтүлүптүр. Бирок соттун чечими боюнча биз анын жарымына ээлик кылабыз. Анан "сот аткаруу баракчасында көрсөтүлгөн алгач бизге тиешелүү айырмачылыкты төлөп берип, анан мүлктү өткөрүп алуу маселесин карагыла" дедик. Эгерде Финансы министрлиги ошол кенемтени бизге төлөп берсе, анда маселе чыкмак деле эмес. Бирок бул жерде жеке менчик ишканага жөн эле келип, аны басып алуу аракети болду.

"Менчиктен мамлекетке алуу"

Мүлк фондунун жетекчилиги "Ак кеме" мейманканасын мамлекеттик "Мүлк" ишканасына өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Буга аталган мейманкананын курулушу мамлекеттин эсебинен жүргүзүлгөнү себеп болгон.

Канада сотунун чечими Кыргызстанга ооду

Канада сотунун чечими Кыргызстанга ооду

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту төрт чет элдик компаниянын “Центерра Голддогу” Кыргызстандын акцияларын алып берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Эми алар талаштуу маселе боюнча башка сотторго кайрыла алышат.

Буга чейин бул отелге түркиялык "Систем Мүхендислик" компаниясы дагы доомат артып, эл аралык сотко берген. Сот 2014-жылы анын пайдасына чечим чыгарып, кыргыз өкмөтү 11 миллион долларды ага төлөп бергени жарыяланган болчу. Бирок 2016-жылы 29-декабрда Онтариа соту "Систем Мүхендислик" компаниясынын дооматын жокко чыгарып, Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу түзүлгөн "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын башчысы Орозбек Нусувалиев мейманкана жетекчилиги койгон дооматты четке какты:

- Бул жерде эч кандай рейдерлик болгон жок. Биздин колубузда ошол эле Маммүлк фондунун буйругу турат. Бардыгы мыйзам чегинде жүрүп жатат. Биз ал жакка жөн эле таанышканы бардык. Эч кандай басып алуу болгон жок. Ал жакта көптөн бери талаш-тартыш болуп келе жаткан экен. Азыр эми мейманкананы биздин карамагыбызга өткөрүп берип жатышат. Мамлекеттик мүлктүн бардыгынын ээси мамлекет болушу керек да. Анан эле ал жакта бирөөлөр отуруп алып, өзүнүн пайдасына качанга чейин иштей берет? Демократия деп эле анархия кылып, ар ким каалагандай иш алып бара берген болбойт да. Мамлекеттин эсебинен курулган бул объект ушунча жылдан бери мамлекетке кандай киреше бергени эч кимге белгисиз.

Анткен менен "Ак кеме" мейманканасынын жетекчилиги аны сот чечими аткарылганга чейин мамлекетке өткөрүү демилгесинин артында саясат бар деп шекшийт. Себеби жетекчиликтин айтымында, мейманканада кээде оппозициянын жыйындары өтүп жатканы бийликтин кыжырын келтириши мүмкүн.

Бирок ошол эле кезде өкмөттүн "Ак кеме" мейманканасын мамлекеттин карамагына өткөрүү чечимин аткарып жаткан Мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги муну карандай доомат катары кабыл алды. Анткени бул тараптын ынанымында, 2005-жылдан бери "Ак кеме" мейманканасына ээлик кылган тараптан мамлекетке киреше түшкөн эмес. Мамлекет болсо кезинде түрк насыясынын эсебинен бул отелди куруп, аны 2005-жылга чейин чет элдик ишкерлер тобу башкарып келген.

Маммүлк: "үлүштү биз чечпейбиз"

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков мейманкананын айланасындагы жагдай тууралуу буларды айтты:

- Биздин башыбыз экөө эмес. Бизге аталган объектти мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча өкмөттүн чечими келип жатат. Биз болсо мамлекеттик каттоо органына кайрылып жатабыз. Ал жактан каттоо жүрдү. Анан биз мамлекеттик ишкана түзүп, ага бул мейманкананы башкаруу жагын өткөрүп бердик. Ушул мейманкананын жарымын компенсация кылабы же кылбайбы аны эми өкмөт, Каржы министрлиги менен чечип алышы керек да. Бизге муну мамлекетке өткөрүү тапшырмасы берилип, аны биз аткарып жатабыз.

“Ак кеме” мейманканасын түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан болчу. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Ошентип өкмөт 17 жылдан кийин мамлекеттин менчик укугун эстеп, аны өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG